Иштээрге киши азайдыбы? Сан жагынан эң аз делген муун бойго жетти

Жазылуу
Ведомство 2012-2016-жылдардын демографиялык отчету менен тааныштырды

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Кыргызстанда эң аз төрөлгөн муун ишке жарамдуу куракка жеткендигин Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Ведомство 2012-2016-жылдардын демографиялык отчету менен тааныштырды. Анда жыл өткөн сайын эмгекке жарамдуу жарандардын саны төмөндөп баратканы көрүнүп турат (2012-жылдын башында жалпы элдин 61 пайызы ишке жарамдуу болсо, 2017-жылы бул көрсөткүч 59,1 пайызга түшкөн).

"Бул көрүнүш эң аз төрөлгөн муундун ишке жарамдуу куракка жеткендиги менен байланыштуу. Тагыраагы, 1990-жылдарын аягында Кыргызстанда төрөлүүнүн саны кескин кыскарган болчу", — деп айтылат маалыматта.

Детский технопарк Кванториум в Грозном - Sputnik Кыргызстан
Бепбекер! Бишкектеги акысыз курстардын тизмеси
Ошондой эле эмгекке жарамдуу курактан өткөн адамдардын саны дагы өсүп бара жатканы айтылат (2017-жылдын башында — 7,3 пайызга өскөн). Анткени төрөлүүнүн саны эң көп деп эсептелген 1950-жылдары туулгандар пенсия курагына жетишти.

Буга чейин Улуттук статистика комитети өлкөдө канча жаштагы адамдар көп экенин аныктаган. Маалыматка ылайык, ушул тапта баарынан бир жаштагы бөбөктөр көп.

Жаңылыктар түрмөгү
0