Жол кире 50 пайызга кымбаттайбы? Вице-мэрдин жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековКоомдук транспорт күтүп жаткан шаардыктар, Архив
Коомдук транспорт күтүп жаткан шаардыктар, Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кире тарифтерин көтөрүү боюнча маселе өткөн жылдын октябрь айында көтөрүлүп, калаа тургундары нааразычылыгын билдиришкен

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Бишкекте коомдук транспорттордогу жол киренин тарифин 50 пайызга көтөрүү боюнча тапшырма берилген жок. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине борбор калаанын вице-мэри Геннадий Милицкий билдирди.

Коомдук транспорттогу жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутаттар жөө жүргөндөн уялар-уялбасын айтып беришти. Пикирлер
Буга чейин бир катар ЖМКлар мэрия жол акысын көтөрүү боюнча шаардык кеңешке документ даярдап жатканын Транспорт башкармалыгына шилтеме берип жазып чыгышкан. Эгер тарифтер 50 пайызга жогорулай турган болсо автобус менен жүрүү 8 сомдон 12 сомго, маршруттук таксилер 10 сомдон 15 сомго жогорулайт.

Бирок Милицкийдин айтымында, мэр Албек Ибраимов бул боюнча тапшырма бере элек.

"Мэрия бааларды көтөрүү боюнча документ даярдаган жок. Ооба, биз ар дайым өзүн актап же актабай жатканын эсептеп турабыз. Себеби күйүүчү май кымбаттап жатат. Бирок тапшырма бериле элек", — деди Милицкий.

2017-жылдын күз айында коомдук транспорттор менен жүрүү акысы 15 сомго чейин кымбаттай турганы айтылган. Бирок коомчулук буга нааразы болуп чыккандыктан мэр Албек Ибаримов жол кире азырынча көтөрүлбөй турганын жар салган.

Жаңылыктар түрмөгү
0