Түндүк — Түштүк жолу курулган аймакта калган мүлк ээлерине компенсация төлөнөт

© Фото / Александр ФедоровТүндүк — Түштүк жолунун курулушу. Архив
Түндүк — Түштүк жолунун курулушу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
59 миллион 416 миң сом жерлерди трансформациялоо жана жергиликтүү тургундарга кенемте төлөп берүү үчүн бөлүнгөн

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Түндүк — Түштүк альтернативалык жолун курууда долбоордун курамына кирип калган жергиликтүү тургундарга мүлкү үчүн кенемте төлөп берилет. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Мындай учур Жалал-Абад жана Нарын облустарынын аймактарында катталат

"59 миллион 416 миң сом жерлерди трансформациялоо жана жергиликтүү тургундарга компенсация төлөп берүү үчүн бөлүнгөн. Жол курула турган аймакка тургундардын мүлкү жана жерлери туура келсе тийиштүү каражат ала алышат", — деп айтылат маалыматта.

Темир жол. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстан аркылуу товар ташып келүү арзандай баштады
Ошондой эле бул жылы насыяларды жана кенемте төлөөлөрдүн жыйынтыгында 2017-жылга салыштырмалуу асфальт төшөө иштери азайтылары кошумчаланат.

Узундугу 433 чакырымды түзгөн альтернативдүү Түндүк — Түштүк жолу Балыкчы — Кочкор — Арал — Казарман — Жалал-Абад каттамы боюнча өтөт. Анын болжолдуу баасы 850 миллион доллар деп бааланууда.

Бул жол кайсы тоолорду аралап өтүп курулуп жатканы кызыкпы? Бизде курулуш иштеринен тартылган сүрөт түрмөгү бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0