Министрлер коомдук транспорт менен жүрүүгө даярбы? Аткаминерлердин жообу

Жазылуу
Кызматтык унаа жана бийлик бутактарынын өкүлдөрүнүн коомдук транспорт менен жүрүү маселесин Жогорку Кеңештин депутаты көтөрүп чыккан

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков Алматыдагы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны аяктагандан кийин кыргызстандык журналисттердин суроолорун жооп берип жатып, келечекте бийликтеги адамдар автобуста жүрсө жетишкендик болорун айткан.

Премьер-министр КР Сапар Исаков - Sputnik Кыргызстан
Уялткан маршрутка: Сапар Исаков эмнеден уяларын айтты
Бул суроо өкмөт башчыга ЖК депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин кызматтык унаасы жок кесиптештеринин маршруткада жүрөрүн көргөндө уялып жатам деген билдирүүсүнөн кийин берилген.

Исаковдун аткаминерлердин коомдук транспортто жүрүшү боюнча мындай пикиринен кийин өкмөт мүчөлөрүнөн министрлерге кызматтык унаадан баш тартып, коомдук транспортко өтүүгө кандай карайсыз деген собол узаттык.

Экономика министри Артем Новиков коомдук транспортко өтүү туурасында пикирин төмөнкүчө билдирди. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкономика министри Артем Новиков
Министр экономики КР Артем Новиков - Sputnik Кыргызстан
Экономика министри Артем Новиков

"Коомдук транспортко өтүүгө мен деле каршы эмесмин. Бул жерде эч кандай маселе деле жок. Биз болгону бир күндө көп жумуштарды бүтүрүп, түрдүү жыйындарга кечикпей барууга туура келгендиктен кызматтык унаа колдонобуз. Мен министр болгонго чейин коомдук транспортто эле жүрчүмүн. Жумушка коомдук транспорт менен келип-кетүү көйгөй деле эмес", — деди министр.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов иштин тоо-ташта болгондугу үчүн кызматтык унаа болуш керек деген пикирде. 

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевТранспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов
Министр транспорта и дорог КР Жамшитбек Калилов - Sputnik Кыргызстан
Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов

"Биз азыр бийик тоолуу жерлерге каттап, мисалы Түндүк — Түштүк альтернативалык жолду салып жатабыз. Тоо-ташка коомдук транспорт менен кантип бармак элек. Кээ бир кызматтык унаалар кубаттуу болбосо бийик жерлерге чыга албай калат, жаман жолдор да бар. Биз биринчиден отуруп иштебейбиз, экинчиден эки жакта көп жүргөндүктөн сөзсүз кызматтык унаа болуш керек", — деди Калилов.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жаратылыш кырсыктары болгон жерлерди коомдук транспорт менен аралап жүрүп, иш бүтүрүү мүмкүн эместигин айтты. 

© Sputnik / Табылды КадырбековӨзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов
Министр чрезвычайных ситуаций КР Кубатбек Боронов - Sputnik Кыргызстан
Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов

"Эми бул кимге канчалык деңгээлде керектигине жараша болсо керек. Мисалы, мен өзгөчө кырдаал болгон жерге, район, айылдарга коомдук транспорт менен бара албайм да. Офисте отуруп эмес, реалдуу сектордо иштеген министрликтер бар. А биз айылдарга чыгабыз, жумуштардын көбү командировкада жүрүп бүтөт. Андайга коомдук транспорт туура келбейт. Өкмөт менен Жогорку Кеңештин иштеринде айырма бар. Алар жумушка эртең менен келип кечинде чыгып кетет. Биз болсо кээде жумалап ар түрдүү кырдаал болгон айылдарда жүрүп калабыз. Жалпы жонунан ӨКМ кызматтык унаага муктаж", — деди Кыргызстандагы эң тажрыйбалуу жана аймактарга эң көп чыгып, тоо-ташты аралап жүргөн министр.

Финансы министри Адылбек Касымалиев мындан көйгөй деле көрбөй тургандыгын айтты. 

© Sputnik / Табылды КадырбековФинансы министри Адылбек Касымалиев
Министр финансов КР Адылбек Касымалиев - Sputnik Кыргызстан
Финансы министри Адылбек Касымалиев

"Эгерде кызматтык унааларды алып салуу чечими чыгып, өкмөт мүчөлөрү коомдук унаада жүрүшү керек болсо, мен каршы эмесмин. Үч-төрт жыл мурда Экономика министринин орун басары болуп иштеп турганда коомдук транспортко бир нече ирет түшүп калгам. Азыр деле коомдук транспортко түшүп калган учурларым болот. Негизи аткаминерлер элге жакын эле болгону жакшы", — деди министр.

Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев пикирин төмөнкүчө айтты. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовСаламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев
Министр здравоохранения КР Талантбек Батыралиев - Sputnik Кыргызстан
Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев

"Эгер өкмөт министрлердин коомдук транспортко өтүшүнө чечим чыгарса, мен ага баш ийип, аткарам. Бирок бул популисттик кадам болуп калат. Ансыз деле бир күндө министр өзү келсин дегендерге араң-араң жетишип барып жатам. Эгерде министр катышкан чогулуштарга кечикпей, маселе жаралбай жетип ала турган коомдук транспорттун системасы болсо, аны көйгөй кылбайм. Алыскы сапарларга чыкканда аймактагы жолдор жакшы болсо негизи чоң автоунаалардан деле баш тартса болот. Бирок коомдук транспортко өтсөк, ал жерге барып, маселени жеринен тез чечкенге жолдун акыбалынан улам мүмкүнчүлүк болбой калат. Бардык шарттар түзүлсө, коомдук транспорт менен жеке унаада жүрүүнүн мен үчүн эч кандай айырмасы жок", — деди Батыралиев.

Юстиция министри Улан Ахметов жылына 1200гө чукул жыйындар болорун, ага жетишип баруу да убакытты аларын билдирди. 

© Фото / предоставлено Министерством юстиции КРЮстиция министри Улан Ахметов
Министр юстиции Кыргызской Республики Уран Ахметов - Sputnik Кыргызстан
Юстиция министри Улан Ахметов

"Жалпысынан бул туура эле ой. Өткөн жумада коллегияда карасак айына президенттик аппаратта, өкмөттө ар кандай 1200гө чукул жыйын болот экен. Эгер коомдук транспортко өтсөк, бул жыйындарга жетише албай калабыз деген коркунуч бар. Ал эми дем алыш күндөрү маршруттук таксилерге, троллейбустарга отуруп эле жүрөм", — деген пикирин билдирди.

Эмгек жана социалдык жактан өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунова төмөнкүчө пикирин айтты. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЭмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунова
Министр труда и социального развития КР Таалайкул Исакунова - Sputnik Кыргызстан
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунова

"Негизи коомдук транспортко өтүүгө каршы эмесмин. Жөө жүргөн ар бир адамга пайдалуу, андан сырткары, экологиябыз таза болот. Бирок Бишкектин инфраструктурасын жакшыртышыбыз керек. Жакында эле Токтогул көчөсү ремонттон өтүп өзүнчө веложол салынды эле, эми ал жерге унаа токтото башташыптыр. Жөө жүргөндөр үчүн эч кандай шарттар, коопсуздук каралган эмес. Коомдук транспорт азыркыдай маршрутка эмес, ичи таза, кенен автобустар болушу зарыл. Башкысы мүнөт-мүнөт сайын өз убагында келип турса эмнеге коомдук транспортко өтүүгө болбосун. Мен мындай демилгени колдомокмун. Бирок мамлекеттик кызматтагылар шашылыш жыйын болуп калганда жетишип барыш үчүн кызматтык унаага муктаж", — деди министр айым. 

Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов ооруп жаткандыгын айтып, сурообузга жооп бере алган жок. 

Ички иштер министри Улан Исраилов берген сурообузга жооп берүүдөн баш тартты. 

© Фото / Пресс-служба КТРК / ktrk.kgМаданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов ооруп жаткандыгын айтып, сурообузга жооп бере алган жок.
Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов ооруп жаткандыгын айтып, сурообузга жооп бере алган жок. - Sputnik Кыргызстан
1/5
Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов ооруп жаткандыгын айтып, сурообузга жооп бере алган жок.
© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевИчки иштер министри Улан Исраилов берген сурообузга жооп берүүдөн баш тартты.
Ички иштер министри Улан Исраилов берген сурообузга жооп берүүдөн баш тартты. - Sputnik Кыргызстан
2/5
Ички иштер министри Улан Исраилов берген сурообузга жооп берүүдөн баш тартты.
© Sputnik / Табылды КадырбековБилим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева чет өлкөдө командировкада жүргөндүктөн жооп ала алган жокпуз.
Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева чет өлкөдө командировкада жүргөндүктөн жооп ала алган жокпуз. - Sputnik Кыргызстан
3/5
Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева чет өлкөдө командировкада жүргөндүктөн жооп ала алган жокпуз.
© Sputnik / Табылды КадырбековТышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин өзү менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок.
Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин өзү менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. - Sputnik Кыргызстан
4/5
Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин өзү менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок.
© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевАйыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев менен да байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок.
Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев менен да байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. - Sputnik Кыргызстан
5/5
Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев менен да байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок.
1/5
Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов ооруп жаткандыгын айтып, сурообузга жооп бере алган жок.
2/5
Ички иштер министри Улан Исраилов берген сурообузга жооп берүүдөн баш тартты.
3/5
Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева чет өлкөдө командировкада жүргөндүктөн жооп ала алган жокпуз.
4/5
Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин өзү менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок.
5/5
Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев менен да байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева чет өлкөдө командировкада жүргөндүктөн жооп ала алган жокпуз.

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин өзү менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Министрликтин маалымат кызматы бул суроо менен расмий кат менен кайрылууну суранды.

Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев менен да байланышууга мүмкүн болгон жок.

Кызматтык унаалар боюнча көп сөздүн башы болгон бул билдирүү коомдук талкууга жем таштап, коомдук транспортто жүргөн депутат айымдар өздөрүнүн пикирин да айтышкан.

Кайсы министр кандай үлгүдөгү кызматтык унаа менен жүрөрүн Sputnik Кыргызстан 2016-жылы тизмектеп чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0