Жылуулук батареясы. Архивдик сүрөт

ТЭЦтеги авария: бишкектиктер жылуулук үчүн 7 күнгө акча төлөшпөйт

98
(жаңыланган 12:29 08.02.2018)
Бир аз мурда 27-31-январь күндөрү үчүн жылуулукка төлөм алынбай турганы айтылган

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Бишкектиктер жылуулук үчүн январдын беш жана февралдын эки күнүндө акча төлөбөйт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Улуттук энергохолдингдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Бир аз мурда 27-31-январь күндөрү үчүн жылуулукка төлөм алынбай турганы айтылган.

"Эми 1-2-февраль күндөргө дагы төлөм алынбай турган болу. Ошондо бардыгы жети күн болуп калат", — дешти Улуттук энергохолдингден.

Эскерте кетсек, 26-январь күнү кечинде ТЭЦте авария болуп, кубаттуулугу эки эсе төмөндөп кеткен.

Бир күндөн кийин өкмөт көйгөй чечилгенин айтканы менен жылуулук берүү калыбына келген эмес. 29-январь күнү дагы бир түтүктөн жарака кеткени белгилүү болгон.

Эске салсак, премьер-министр Сапар Исаков энергетика тармагында реформа жүргүзүү максатында жылуулук жана электр энергиясынын тарифтерин жогорулатуу керектигин айткан. Бул сунуштан кийин энергетика тармагындагы адистер тарифтерди көтөрүүнүн күңгөй-тескейин айтып беришкен.

98
Белгилер:
төлөм, жылуулук, ТЭЦ, Бишкек
Тема:
Бишкек ТЭЦтеги авария (84)
Тема боюнча
Тоңуп калдык! ТЭЦтеги кырсык соцтармакты ызы-чууга салды
Исаков: азыркы тарифтер менен алыска бара албайбыз
Электр энергиясын кымбаттатуу керекпи же жокпу? Адистердин түшүндүрмөсү