Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинанын архивдик сүрөтү

Депутат Ирина Карамушкина кыргыз тилин кантип үйрөнүп жатканын айтып берди

573
(жаңыланган 10:28 08.02.2018)
Эл өкүлү тегерек столдун катышуучулары менен кыргыз тилинде учурашты

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина кыргыз тилин үйрөнүү боюнча тажрыйбасы менен бөлүшүп өттү. Ал "Кыргызстандын маалыматтык-коммуникациялык айдыңындагы орус тилинин ролу" аттуу тегерек столдун катышуучулары менен мамлекеттик тилде учурашты.

"Мен 2-3 тил билген адамдарга абдан кызыгам. Өзүм кыргыз тилин 3 жылдан бери үйрөнүп келем. Жаңы сөздөрдү үйрөнүүдөн рахат алып, акырындык менен кыргыз дүйнөсүнө чөмүлүп жатам", — деди эл өкүлү.

Ал ошондой эле бир тилди өнүктүрүп экинчисине кысым көрсөтүү туура эмес экенин белгилеп, мындай көрүнүш Жогорку Кеңеште дагы байкаларын билдирди.

"Жогорку Кеңеште докладды орус тилинде окууга жол берген мыйзамдар бар. Бирок айрым депутаттар докладдар орус тилинде болуп калса, сын айтып калышат", — деди Карамушкина.

Эл өкүлү кыргыз, орус тилдеринин бирдей өнүгүшү өлкө үчүн маанилүү экенин кошумчалады.

Иш-чара "Евразия — жаңы толкуну" фонду тарабынан уюштурулган.

573
Белгилер:
кыргыз, орус тили, депутат, Ирина Карамушкина
Тема боюнча
Кызыгы көп кыргыз тил. Ойноп эмес, ойлоп сүйлөйбүз. Кезектеги тест
Кыргызча кыйытып сүйлөй аласызбы? Өтмө маанидеги сөздөрдү өтө жакшы билгендерге тест