Босогого отургузбайт! Жээнге карата 5 "болбойт"

© Sputnik / Табылды КадырбековПразднование Нооруза на площади Ала-Тоо в Бишкеке
Празднование Нооруза на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Турмушка чыккан кыздын балдар-кыздарын кыргыздар жээн деп коюшат. Тайлары жээндерин жакшы көрүп, сый көрсөткөнү менен тартипти катуу кармашкан.

Тай журту менен жээндин ортосундагы мамиле кандай болуш керектигин Sputnik Кыргызстан агенттигине этнопедагог Абдыкерим Муратов түшүндүрүп берди.

Эгиз балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бешиктерин катар койбойт. Эгиздерге карата 6 "болбойт"
Босогого отургузбайт. "Кыз төркүнүндө конок" деп элибиз үйгө келгенде бир гана кызын эмес, күйөө бала жана жээндерине да сый мамиле көрсөтөт. Дасторкон четинде кыздын балдары эркек баланыкына караганда төр жактан орун алат. Эл арасында жээндин алдына төшөк салынбаса тайлары кембагал болуп калат деген түшүнүк да жашаган.

Устукансыз калтырбайт. Жээндин өзүнүн шыбагасы болот. Жашы кичүү болсо да жээнге сөзсүз устукан тартылган.

Жээнди жер каратпайт. Кыздын балдарынын көзүнчө "жээн келгенче жети бөрү келсин", "жээн эл болбойт, желке тон болбойт" деген сөздөрдү айтууга болбойт.

Энчисиз кетирбейт. Жээн тайларына биринчи жолу келгенде сөзсүз ага мал ыроолонот. Анысын да бирөөдөн жетелетип жибербей, өз колуна же ата-энесине дароо берген.

Кагып-силкпейт, таарынтпайт. Эркек баланын балдарын чоң ата, чоң апалары "качпас кара кулум" деп какыс-кукус деле кылып коет. Ал эми жээндерди "конок" катары көрүп таарынтып албайлы деп аяр мамиле жасаган.

Каада-салттан, турмуштук эрежелерден оолак калбоо үчүн Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган "Болбойт" рубрикасы менен кенен таанышыңыз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0