Москва Кыргызстандагы аскер базасын күчтөндүрдү. Себебин Россия ТИМи түшүндүрдү

© Sputnik / Табылды КадырбековКант авиабазасындагы жоокерлер. Архив
Кант авиабазасындагы жоокерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажистандын ортосундагы мамилелердин жанданышынан улам Фергана өрөөнүндөгү абал жакшырып келе жатат

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Афганистан тараптан болуп жаткан коркунучка байланыштуу Россия Кыргызстандагы аскер базасын күчтөндүрдү. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине РФ ТИМинин КМШ боюнча 3-департаментинин директору Александр Стерник билдирди.

Анын айтымында, Афганистандагы кырдаалдан улам Россия үчүн түштүк тарап дайыма көңүл борборунда турат. Бүгүнкү күндө "Ислам мамлекетинин" Сирия жана Ирактагы жеңилүүсүнөн кийин согушкерлердин Афганистанга жеткирилиши тынчсыздандырууда.

"Чек ара коопсуздугу жана күч органдары бекемделип жатат. Биздин өнөктөштөрдүн куралдуу күчтөрү модернизацияланып, кадрлар даярдалууда. Тажикстандагы Россиянын 201-аскер базасы чек аранын өзгөчө кооптуу жерлерин кайтарууга багытталды. Ошондой эле Кыргызстандагы авиабазанын потенциалы күчөтүлдү. Өнөктөштөр өздөрүн коопсуз сезиш үчүн бул чаралар жетиштүү деп эсептейбиз", — деди Стерник.

Ежегодная большая пресс-конференция президента РФ Владимира Путина - Sputnik Кыргызстан
Путин Кыргызстандын калган карызын кечүү боюнча документке кол койду
Департамент жетекчиси белгилегендей, акыркы учуларда Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажистандын ортосундагы мамилелердин жанданышынан улам Фергана өрөөнүндөгү абал жакшырып келе жатат.

Аталган аймакта буга чейин экстремисттерге чыңалган абалды өз пайдасына колдонуп кетүүгө жакшы шарттар түзүлүп келгени айтылды.

Эске салсак, жакында эле УКМК экстремисттик иш-аракети үчүн издөөдө жүргөн чет элдикти кармады. Кармалган кишинин эмиссарлардын буйругу менен куралдуу жихад уюштуруу жолу менен коомдук-саясий кырдаалды бузуу максатында КМШ өлкөлөрүнүн биринин аймагында деструктивдик-саясий жана террордук топторду түзүү менен алектенип жүргөнү аныкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0