Кыргыз-тажик чек арасындагы "Кулунду" жана "Кайрагач" өткөрүү бекеттери ачылды

© Sputnik / Табылды КадырбековПограничники Кыргызской Республики
Пограничники Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда көзөмөл пунктуларынан жарандар, унаалар эркин өтө баштады

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде Тажикстан кыргыз-тажик чек арасындагы "Кулунду" жана "Кайрагач" өткөрүү бекеттерин ачты. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, бейшемби күнү, 8-февралда, Тажикстан "Кулунду" жана "Кайрагач" кыргыз-тажик чек арасын бир тараптуу жаап, адамдардын, транспорт каражаттары жана жүк ташуучу унаалардын өтүшүнө тыюу салган.

"Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнүн негизинде өткөрүү бекеттеринен жарандар, жүк ташуучу унаалар жана башка транспорттун бардык түрү өтө баштады", — деп айтылат маалыматта.

Учурда чек арадагы кырдаал туруктуу. Бир нече саат мурда Максат — Кулунду көпүрөсү ачылган болчу.

Чек арада эмне болгону тууралуу толук маалыматты тексттик транслияциядан таанышып, күбө жиберген видеону көрө аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0