Жол кире акысы боюнча мэр Ибраимов үн катты

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүЖүргүнчүлөр. Архив
Жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин тарифтер жогорулай турганы айтылган болчу

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Коомдук тарнспорттордогу жол кирени көтөрүүгө азырынча негиз жок. Бул тууралуу мэр Албек Ибраимов маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымына караганда, шаардык тарнспорттун өздүк баасына аудит жүргүзүлгөн.

"Аудиттин жыйынтыктары азыркы тарифтер туура экенин көрсөттү. Ошондуктан бааларды кымбаттатуу маселеси каралган жок", — деди Ибраимов.

Буга чейин бир катар ЖМКлар мэрия жол акысын көтөрүү боюнча шаардык кеңешке документ даярдап жатканын Транспорт башкармалыгына шилтеме берип жазып чыгышкан. Эгер тарифтер 50 пайызга жогорулай турган болсо автобус менен жүрүү 8 сомдон 12 сомго, маршруттук таксилер 10 сомдон 15 сомго жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0