Мэр Ибраимов: коомдук транспортто жүрүүдөн уялбайм

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун архивдик сүрөтү
Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарынын бири коомдук транспортторго түшкөн кесиптештеринен уяла турганын айткан болчу

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов коомдук транспортко түшө турганын маалымат жыйын учурда билдирди.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарынын бири коомдук транспортторго түшкөн кесиптештеринен уяла турганын айткан болчу.

"Мен уялбайм, тескерисинче дем алыш күндөрү коомдук транспортторго отуруп абалына байкоо салам", — деди мэр.

Ал ошондой эле коомчулукка көп чыга бергиси келбегендиктен мындай иштерге ЖМК менен фотографтарды чакырбай турганын белгиледи.

Буга чейин Sputnik Кыргызстан министрлерге коомдук транспортко өтүүгө кандай карайсыз деген собол узатып, кызыктуу жоопторду алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0