Мэр жер алдындагы өтмөктөрдөгү тайгалак жөнгө салынат деп сөз берди

© Sputnik / Михаил ДудинРеконструкция подземного перехода на пересечении проспекта Чуй и улицы Абдрахманова в Бишкеке
Реконструкция подземного перехода на пересечении проспекта Чуй и улицы Абдрахманова в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чүй жана Манас преспектилеринде жайгашкан жер алдындагы өтмөктөн кош бойлуу келин тайгаланып жыгылып, башы жерге катуу тийген

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Борбор калаадагы жер алдындагы өтмөктөрдүн тепкичтерине коюлган тайгалак плиталардын маселеси жакында жөнгө салынарын мэр Албек Ибраимов маалымат жыйында билдирди.

Буга чейин Чүй жана Манас преспектилеринде жайгашкан жер алдындагы өтмөктөн кош бойлуу келин тайгаланып жыгылып, башы менен жерге тийген болчу.

"Нымдан улам плиталардын үстүндө көрүнбөгөн пленка пайда болгон. Быйыл жалтыраган мраморлор атайын жылыткыч менен ысытылып, беттери бүдүр болуп тайгаланбай калат", — деди мэр.

Ал ошондой эле подрядчик бул ишти өз эсебинен жасай турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0