Балдарга сөзсүз идентификациялык номер алуу керекпи? Каттоо кызматынын жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековПервый звонок в школах Бишкека
Первый звонок в школах Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик каттоо кызматы ата-энелерге кайрылып, балдарына акысыз идентификациялык номер алып коюуга чакырууда. Анын үстүнө айрым мектептерде мугалимдер окуучулардан идентификациялык номер алууну талап кылып жатканы айтылууда.

Кыргызстандын жаранынын биометрикалык паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мамкаттоо кайсы учурда жарандардын ПИН номерин алмаштырууга болорун айтты
Буга чейин талап кылынбаган идентификациялык номердин балдарга канчалык зарылдыгы бар жана аны кайдан, кандай жол менен алууга болорун Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Мамкаттоо кызматынын маалымат катчысы Мелис Эржигитов айтып берди.

Персоналдык идентификациялык номер же пин-код — жарандын мамлекеттин маалымат базасындагы ачкычы. Аны менен адам эч көйгөйсүз паспорт, нике күбөлүгү, айдоочулук күбөлүк, аттестат сыяктуу бардык документтерди ала алат.

Буга чейин деле пин-номер талап кылынчу беле?

Мыйзам боюнча ар бир төрөлгөн балага милдеттүү түрдө персоналдык идентификациялык номер берилиши керек. Буга чейин пин-номерди социалдык фонд ИНН деп тапшырчу. Ал чапталма (наклейка — ред.) түрүндө берилип, паспортко чапталчу. Аталган функцияны Каттоо кызматы 2016-жылдын 1-августунан баштап өзүнө алган. Каттоо кызматы берилген идентификациялык номердин баарын текшерип чыгып, натыйжада 216 миң окуучу баланын пин-номери жок экени, ошондой эле канча бир миң (азырынча бул сан тактала элек) баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок экени аныкталды. Мындан улам учурда Каттоо кызматы жалпы калктын так санын көзөмөлгө ала баштады.

Балдарга пин-номер алуунун зарылдыгы

Паспорт алганга чейин ар бир балада пин-номер сөзсүз болушу керек, ал адамга өмүрүндө бир эле жолу берилет;

Персоналдык номери жок бала Кыргызстанга тиешеси жок болуп эсептелип, эч бир документ ала албай калат;

Окууга тапшыра албай, жумушка да орношо албайт;

Пин-номер кагаз түрүндө берилбейт, ал маалымат базада гана сакталуу болот;

Работа системы изготовления биометрических электронных паспортов - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда биометрикалык паспортту кантип алууга болот?
Балдар адашып же жоголуп кеткен маалда пин-номер аркылуу ата-энелерин тез эле аныктап коюуга шарт түзүлөт. Мурда өзгө баланы өзүмдүн балам деп алдагандар болсо, ага да чекит коюлат;

Паспорт ала албай, чет өлкөгө да чыга албайт. Себеби паспорт алуу үчүн ал баланын аты-жөнү мамлекеттик бирдиктүү маалымат базасында болушу керек;

Пин-номери бар бала 16 жаштан жогору болсо, ата-энеси жок өзү эле барып паспорт ала алат. Ал башка адамдын атынан паспорт алып албашы үчүн биометрикалык маалыматы текшерилет;

Ал эми 16 жашка чейинкилер ата-энесинин коштоосунда гана паспорт алууга укуктуу.

Ата-энелер балдары кичине кезинде эле документтерин тууралап койсо, кийин өздөрүнө да, балага да паспорт алууда, окууга тапшыраада, чет өлкөгө чыгууда жеңил болот. Бул маселе убагында жасалганы жакшы. Кийин кокус ата-энеси ажырашып же кырсыктап каза болуп калса балага персоналдык номер алуу кыйынчылык жаратып калат.

Пин-номерди балага канча жашынан баштап ала баштаса болот?

2017-жылдын 1-декабрынан баштап төрөлгөн балдардын документтерине азыр автоматтык түрдө персоналдык номер түшүрүлүп калды. Мындан улам бул убакытта төрөлгөн балдарга ата-энелери кабатыр болбой эле койсо болот. Ал эми ага чейин төрөлгөн балдардын документтеринде пин-номер жок болгондуктан 18 жашка чейин персоналдык номер алып коюш керек.

Пин-номер алуунун жол-жобосу

Идентификациялык номерди жарандар балдарына ЗАГС, калкты тейлөө борборлорунан жана маалыматтык күркөлөрдөн акысыз ала алышат.

Кандай документтер талап кылынат?

Атасынын же энесинин паспорту;

Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк;

Эгер окуучу балага пин-номер алыш керек болсо анын жанында атасы же энеси болушу зарыл. Болбосо ата-энеси өздөрү деле барып алса болот;

Реализация проектов программы цифровой трансформации “Таза Коом” - Sputnik Кыргызстан
Биометрикалык паспорт жараткан ыңгайсыздыктар
Баланын ата-энеси алыс жакта болсо, анын туугандары атасынын же энесинин ишеним каты менен барышы шарт;

Бала тоголок жетим болсо ата-энесинин өлгөндүгү тууралуу документи керек;

Ал эми мектеп курагына жашы жете элек балаңызга пин-номер алам десеңиз, өзүңүз эле керектүү документтер менен барып алсаңыз болот.

Буга чейин Мамкаттоо кайсы учурда жарандардын пин-номерин алмаштырууга болорун да айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0