Обон созгон, бажы кызматын аркалаган кикбоксчу Кумар Жалиев тууралуу 8 факты

© Фото / предоставлено Кумаром ЖалиевымКикбоксер Кумар Жалиев
Кикбоксер Кумар Жалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан атын алыска тааныткан уулдарынан уучу кур эмес. Алардын бири убагында муштуму менен далайга таанылган кикбоксчу Кумар Жалиев.

Жалиев дүйнө биринчилигинде үч ирет коло медаль тагынып, эки ирет Евразия чемпиону, үч ирет Азия чемпиону аталган. Бир канча мелдеште беделдүү мушкерлер менен майданга чыгып, далайын жер караткан.

Бүгүн Кумар Жалиев 33 жашка толуп отурат. Мындан улам Sputnik Кыргызстан кикбоксчу тууралуу 8 факты сунуштайт.

1. Болочок кикбоксчу 1985-жылы 10-февралда Ош шаарында төрөлгөн. Атасы Эсенбай Жалиев жана апасы Калбү Кененбаева убагында текстиль фабрикасында эмгектенишкен. Кумар үйдүн жалгыз эркек баласы, үч эжеси жана бир карындашы бар. 

© Фото / из личного архива Кумара ЖалиеваКумар Жалиев ата-энеси бир туугандары менен
Кикбоксер Кумар Жалиев - Sputnik Кыргызстан
Кумар Жалиев ата-энеси бир туугандары менен

2. Убактысы текке кетпеген балалык. Спортчу жаш кезинен тарта билим менен эмгектин аркасында жүрүп башка балдардай оюн-зоокко көп көңүл бурбаганын айтат. "Эртең менен окууга кетип, түштөн кийин өзүбүздүн дүкөндө соода кылып, кечинде машыгууга жөнөчүмүн. Залдан келгенден кийин кайра соода-сатык менен алектенчүмүн. Көп ойногон жокмун" дейт бала чагы тууралуу.

3. Спортко кадам. 8-классынан баштап "Ош-Азия" спорт клубуна жазылып, бокс жана кикбоксинг менен алектене баштаган. Алгачкы машыктыруучулары Тагай Өмүржанов, Өмүрзак уулу Абдыганы болгон. 11-классында жашы жетпегенине карабай кикбоксинг боюнча чоңдор арасында күч сынашып, КРдин биринчилигин жеңип, спорт чебери наамын алган. Ошол күндөн тарта кикбоксинг менен алектенип, келечекке чоң максаттарды койгон. 

© Фото / из личного архива Кумара ЖалиеваАтасынын иниси менен. Спортко жаңы аралашкан чагы
Кикбоксер Кумар Жалиев - Sputnik Кыргызстан
Атасынын иниси менен. Спортко жаңы аралашкан чагы

4. Атаң-даңк, сыйлык-сыймык! 2006-жылы чемпиондорду таптаган жагынан алдыган киши салдырбаган "Гермес-Профи" клубуна келип, машыктыруучу Александр Воиновдун колунан тарбиялана баштайт. Тер агызган машыгуулары майнабын бербей койгон жок. 2003-2005-жылдары кикбоксинг боюнча дүйнө биринчилигинде эки ирет коло медаль тагынып, 2004-жылы WAKO версиясы боюнча Азия чемпиону аталат. КРдин чемпионатында жалпысынан сегиз ирет жеңишке жеткен.

Мария Кульчунова - Sputnik Кыргызстан
Олимпиада чемпиону Мария Кулчунова 60 жашта. Спортчу тууралуу 7 факты
5. 2006-жылы профессионалдар арасында "Калкан" каймана аты менен таанымал боло баштаган. Мындай ысымды спортчу Москвадагы "Арбат" клубу уюштурган профессионалдуу мелдештердин биринде алууга мажбур болгонун айтат. "Мелдешке катышуу үчүн анкета толтуруп жатсак, каймана аты жазылсын деген жери бар экен. Жанымда өзүмдүн спорттогу агам Мирлан Ибрагимов бар болчу. Экөөбүз ойлонуп отуруп "Калкан" дегенге токтолдук. Мааниси спортто мушташканды гана билбей, өзүңдү коргогонду да үйрөнүшүң керек дегенди түшүндүрөт. Бирок башка спортчулардай рингдеги атымды туу тутуп, сыймыктанган деле эмесмин" деп эскерет спортчу.

Ушул эле "Арбат" клубу уюштурган мелдештерде тапкан акчасына алгач Toyota Camry унаасын сатып алган. Аталган клубда ондон ашык беттеш өткөрүп, WBKF версиясы боюнча 2007-2008 жылдары Евразиянын эки жолку чемпиону аталган.

© Фото / Бойцовской клуб АрбатАл 2003-2005-жылдары кикбоксинг боюнча дүйнө биринчилигинде эки ирет коло медаль тагынып, 2004-жылы WAKO версиясы боюнча Азия чемпиону аталат
Кикбоксер Кумар Жалиев - Sputnik Кыргызстан
Ал 2003-2005-жылдары кикбоксинг боюнча дүйнө биринчилигинде эки ирет коло медаль тагынып, 2004-жылы WAKO версиясы боюнча Азия чемпиону аталат

6. Учурда бажы кызматкери, келечекте ММА аралаш мушташында өзүн сынашы мүмкүн. 2009-жылы спортчунун "Арбат" клубундагы карьерасы аяктаган. Бир орунда туруп калбастан ошол эле жылы Бишкекте кикбоксинг боюнча КР президентинин кубогу үчүн өткөн эл аралык IV мелдешти жеңип алган. 2013-жылы Дүйнө биринчилигинде коло медаль тагынган. 2012-2014 жылдары WAKO версиясы боюнча Азиянын эки жолку чемпиону аталган.

Лыжник Тариэль Жаркымбаев - Sputnik Кыргызстан
Олимпиадада кыргыз туусун көтөрүп чыкчу Тариэл Жаркымбаев тууралуу 6 факты
Спортчу эки жылдан бери бажы кызматында эмгектенет. Убактысына карап залга барып турат. Рингден алыстаган себебин каржы маселеси менен түшүндүрдү. Бирок учурда кикбоксчуга аралаш мушташ боюнча беттеш уюштурган спорттук лигалардан сунуш түшүп келет. Өзү да эрежесиз урушка кызыга турганын жашырган жок. Октагондо боксчулар кызуу беттеш көрсөтөрү талашсыз. Балким келечекте Кумар Жалиевди ММА мушкери катары көрүп каларбыз.

7. Обон созгон, тасмада роль жараткан кикбоксчу. Кумар Жалиев бир гана спортто эрдигин кашкөйлүгүн көрсөтпөстөн, тасмада дагы мыкты роль жарата алды десек болот. Ал "Сагын", "Гаишники" кинолоруна тартылып, "Курманжан даткада" эпизоддук роль ойногон.

Спортчу достору менен эс алууга барганда караокеде ырдаганды жактырат. Кумарга россиялык Тимур Темиревдин, грузиялык Сосо Павлиашвилинин ырлары, кыргыздын "Таң сыры", "Барам сага" чыгармалыр жагат. Ырдаган өнөрү апасынан берилген. Апасы Калбү Кененбаева — Токтогулдун кызы. 

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев2013-жылы кикбокс боюнча жылдын мыкты спортчусу аталган кез
Кикбоксер Кумар Жалиев - Sputnik Кыргызстан
2013-жылы кикбокс боюнча жылдын мыкты спортчусу аталган кез

8. Жеке жашоосу. 2017-жылдын 27-ноябрында белгилүү актриса Элина Абай кызы менен баш кошкон. Абай кызы "Боз салкын", "Гаишники", "Уурунун" махабаты", "Курманжан датка", "Саякбай" жана башка тасмаларында роль жаратып, калың элдин оозуна алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0