Кыргыздын көрүнүктүү адабиятчысы, сынчысы, публицисти, сатириги, акыны жана коомдук ишмери Салижан Жигитовдун архивдик сүрөтү

Биз үчүн терек күүсүн эшиткен... Салижан Жигитовдун көзү өткөнүнө 12 жыл болду

367
(жаңыланган 10:46 13.02.2018)
Кыргыздын көрүнүктүү адабиятчысы, сынчысы, публицисти, сатириги, акыны жана коомдук ишмери Салижан Жигитовдун каза болгонуна бүгүн 12 жыл болду. Sputnik Кыргызстан агенттиги Салижан Жигитовдун сааналаштары жана шакирттери менен бирге аны эскерди.

"Биз үчүн терек күүсүн эшиткен" Салижан Жигитов 1936-жылы 17-мартта Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Көлдүк айылында туулган. Анын алгачкы ырлары, сын макалалары 1950-жылдары чыга баштаган. Жигитов кыргыз элинин тарыхындагы алгачкы көп томдуу улуттук-универсал энциклопедияны чыгарууга, энциклопедиялык стилдин калыптанышына зор эмгек сиңирген.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Салижан Жигитовдун кыргызга калтырган мурасы, өлкөнүн руханий тарыхындагы орду жана "тамашалуу" жашоосу тууралуу аны жакындан тааныган санаалаштары менен баарлашты.

Бекташ Шамшиев, журналист: сөздүн "гүлүн" тапканга аракет кылчу

— Салижан Жигитов адабиятта, көркөм чыгармада, илимде же публицистикада болсун, өзгөчө пикири бар өзүнчө дүйнө болчу. Ал убагында Кыргызстандагы сөз эркиндигинин өнүгүшүнө жана калыптанышына чоң салымын кошкон. Эң негизгиси ал киши сөздүн "гүлүн" тапканга аракет кылчу. Жазууларынын баарын улам-улам оңдоп, өтө этият мамиле кылгандыктан жазгандары башкача бир өң-түс алчу. Жигитовдун текстке болгон мамилеси кыргыз адабияты, журналистикасы жана илими үчүн чоң сабак. Ар бир маселе боюнча окуп, изилдеп терең билгенге аракет кылчу. Афганистанда Элдик-демократиялык партия бийликке келип, падышаны кубалап, өлкөнүн биринчи президенти шайланды. Ошондо афган президентин Брежнев кабыл алып жаткан кез эле. Анан Салижан аке "биз эгер орустарга кошулбаганда афгандардан дагы начар мамлекет болмок экенбиз. Булардын акыбалы чатак турбайбы. Экономикасы начар, эли сабатсыз экен. Калкы динге аябай берилиптир. Эртең бирөө атеизм деп чыкса согуш болот" деген эле. Айткандай эле кийин Афганистанда согуш чыкпадыбы.

Осмонакун Ибраимов, публицист: кыргыздын руханий жана интеллектуалдык тарыхында кайталангыс инсан болчу

Биринчиден, Салижан Жигитов Кыргызстандагы өтө сейрек, уникалдуу кишилердин бири эле. Билимдүү, окурман кыргыздын интеллигенттеринин бири катары өзгөчө инсан болчу. Экинчиден, Салижан агайдын жакшы жери ойлогон оюн жашырбай түз айтчу. Албетте, бетке айтканы менен, тамашага салып, күлкү менен аралаштырып оюндагысын билдирчү. Ойлогон нерсени бетке айтуу оңой эмес. Ал үчүн моралдык укук да керек. Сенин аброюң, сөзүңдүн өтүмдүүлүгү болушу керек. Анан укканга эл болушу зарыл. Салижан агай өзүнүн түз жана таза жүргөндүгү, бир нерсени жөн эле сындай бербеген, чындыкты жана акыйкаттыкты айткандыгы үчүн сындаганга укугу бар эле. Бир гана адабияттын эмес, улуттун сынчысы эле. Элге дагы бетке айтчу. "Кыргыз болуунун өзү трагедия" деген сөзү бар. Бул сөздүн өзүндө эле өтө терең чындык жатат.

Салижан агай тамаша айтып, күлдүргөнү менен чын-чынына келгенде өзү аябай муңдуу адам болчу. Себеби, атасын эрте жоготуп, аны менен кошо бир тууганы каза болгон. Бул кишинин керек болсо Алыкул Осмонов, Чыңгыз Айтматов менен жакындаштырып турган бир өзгөчөлүгү адамзатка, жашоого карата трагедиялык мамилесинин болгондугунда. Трагедия — чыныгы чыгармачыл адамдарга мүнөздүү нерсе. Ал өмүрдүн жана өлүмдүн чыныгы маңызын билген акылман киши эле. Салижан Жигитовдун көзү өткөндөн бери орду бош калды. Салижан Жигитов кыргыздын руханий жана интеллектуалдык тарыхында кайталангыс инсан болчу. 

Писатель-прозаик, поэт и общественный деятель Салижан Жигитов. Архивное фото
Манасбек Мусаев
Кыргыздын көрүнүктүү адабиятчысы, сынчысы, публицисти, сатириги, акыны жана коомдук ишмери Салижан Жигитов

Кеңеш Жусупов, жазуучу: кыргыз деп күйүп-бышкан инсан болчу

Салижан Жигитов эң башкысы таза инсан эле. Иш алып барган бардык жагында чебер, интеллектуалдуу заманыбыздын алдыңкы ойчулу эле. Азыр аны замандаш катары эстеп жатабыз, бирок дагы бир аз убакыт өткөндөн кийин Салижандын сөздөрү, эмгектеринин баалуулугу билинип, анын улуу инсан экендигине көзүбүз жетет. Азыр анын чыгармачылыгынын элге жетпей жаткандыгына атаганат дейсиң. Мен анын эмгектеринин жети томдугун даярдагам. Ошонун жок дегенде беш томдугун чыгарууга жардам берген атуулдар чыкса жакшы болмок. Бул томдукта анын мыкты ырлары, пьесалары, котормолору, макала жана маектери бар. Ал макалаларында катардагы инсандан баштап ажого чейин оюн түз айтчу эле. Негизи "Салижандын учкул кептери" деп китеп чыгарып койгондун өзү эле чоң табылга болмок. Анын парламент тууралуу пьесасы азыркы турмушка укмуштуудай туура келмек. Ал биздин руханий дүйнөбүздү тазартып, бизди ойготуп алдыга сүрөп турган инсан эле. Анын эмгектеринин унутулуп жаткандыгы өкүнүчтүү.

Ошондой эле кыргыз деп күйүп-бышкан инсан болчу. Жазуучу Түгөлбөй Сыдыкбеков Кыргыз Эл Баатыры наамын алганда Салижан экөөбүз куттуктап коёлу деп барып калдык. Үйүнө барсак, Түкөмдүн жанында колдоп жүргөн адамдар жок, жээни менен балдары эле бар экен. Салижан бизди күлдүрүп отурган. Биз кеч кеткенибизге карабай, куттуктап эч ким келген жок. Анан кетип бара жатканыбызда Салижандын күйгөнүн айтпа. "Улуу адамдын баркын билбейбиз. Адамдын эмгегин, мээнетин барктабайбыз" деп кайгырганы дале эсимде.

Олжобай Шакир, жазуучу, адабий сынчы: коомду чындыктын тили менен сүйлөгөнгө үйрөткөн

Салижан Жигитовдун эң негизги артыкчылыгы коомду чындыктын тили менен сүйлөгөнгө үйрөтөйүн, сынчыл көз-карашты калыптандырайын деген аракетинин көп болгондугунда. Бир эле адабият жаатында эмес, коом жана дүйнө таанууну өздөштүргөн инсан болгон. Бул киши маалыматты бир гана кыргыз тилинде эмес, орус, түрк жана немис тилинде ала билген. Сынчыл көз карашы абдан курч жана жүйөлүү эле. Бирок ал кылдан кыйкым издеген майдачыл сынчы болгон эмес. Бир маселеге абдан кылдат даярданып, анан гана сынга жем таштачу. Анын менен бирге эле адабиятчылардын көбү теориялык маселелерди гана талдашса, Жигитов кара сөз, котормо жана поэзия жаатында да иш алып бара билчү. Көркөм чыгарманын эмне экендигин жон териси менен жакшы сезген. Ошондуктан сын макалалары башкалардыкына салыштырмалуу жандуу чыкчу. Талдаган нерсесинин талуу жеринен кармаар эле.

Ошондой эле саясий абалга да мыкты баа берчү. Эгемендикти алган кезде "Демократиялык арал курдук" деген ураан пайда болгон. Ошондо биринчилерден болуп "көчөдөн келип эле демократияны кура калдык" деп какшаган. Саясий окуялардын аркасындагы нерселерди көрө билчү. Бул кишинин көсөмдүгү, көрөгөчтүгү убакыт өткөн сайын билинип жатат. 30 жыл мурун айткан сындары азыркы турмушта да актуалдуулугун жогото элек.

СССРдин эл артисти, белгилүү балетмейстер Чолпонбек Базарбаев
© Фото / из личного архива Чолпонбека Базарбаева
Тамашалары да мыкты болчу. Бир кишинин аброюна шек келтирбей, бирок ошол эле учурда чындыкты айтчу. "Айтыш" коомдук фонду жаңыдан түптөлүп жаткан мезгил. Эл арасында төкмө акындар чыгып келе жаткан убакта Садык Шер-Ниязга адабий сынчыларды чакырып төкмө акындарга сабак өткөрөлү, аларды өстүрөлү деп айттым. Анан Жигитов фонддун босогосун аттаар менен эле адатынча чындыкты айтты да. Адатта башкалар Садык Шер-Нияздын жакшы иштерин, анын демөөрчүлүгүн айтышчу да. Анан Салижан аке "Ой, Садык, сен абдан көрөгөч жигит турбайсыңбы. Оозеки чыгармачылык качан өнүгөт билесиңби? Эл караңгы болгон убакта өнүгөт. Сен эл караңгы учурду аябай туура тандадың" деп атпайбы.

Абдылдажан Акматалиев: Жөнөкөй, терең билимдүү инсан эле

Салижан Жигитов бизге устат катары көп нерсе үйрөтүп, багыт берди. Салижан агай менен кийинчерээк да чет өлкөлөрдө көптөгөн илимий конференцияларда чогуу болдук. Өзү жөнөкөй, терең билимдүү инсан эле. Анын эмгектерин жарыкка чыгарып жатабыз. Алыкул Осмоновдун, Касым Тыныстановдун чыгармачылыгы, кыргыз поэзиясы боюнча эмгектерин окурмандарга жеткирүү тууралуу оюбуз ишке ашты.

367
Белгилер:
сын, эскерүү, адабият, Салижан Жигитов
Тема боюнча
Шуулдаба, шуулдаган теректерим… же Жигиттин уулу жетишпей турганда
Кыргызстанда эки залкардын атынан сыйлык негизделди