Журналист, продюсер телеканала Маданият, тарых, тил Назира Аалы кызы

Назира Аалы кызы: кээде саясий амбициялар козголуп кетет

(жаңыланган 09:37 14.02.2018)
Кыргыздын каада-салтын казып, казынага акырындап чогултуп келе жаткан, тилинен бал тамган Назира Аалы кызы учурдун мыкты журналисти, КТРКнын алдындагы "Маданият, тарых, тил" каналынын продюсери.

Мен-мен деген залкарлар менен баарлашып, маданият тармагына колдон келген салымын кошуп келе жаткан айым Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Таалайгүл Усенбаева менен баарлашты.

— "Маданияттын эмгек сиңирген ишмери" болдуңуз. Сиз үчүн наам канчалык маанилүү?

— Ооба, былтыр мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин колунан "Маданиятка эмгек сиңирген ишмер" деген наам алгам. Мындан улам эсиме айтылуу акын Какен Алмазбековдун "Ардактап турса кең мекен Айчүрөк болуш эмне экен, Кадырлап турса кең мекен Каныкей болуш эмне экен" деген сонун ыр саптары келип кетти. Кең мекен сыйлыгын, наамын ыйгарып турса, албетте, жүрөк жылыйт. Пендебиз да, макталганды, даңкталганды сүйөбүз. Бирок ар ким өз ишин сыйлык, наам үчүн аткарбаса керек. Эч бир наамы, сыйлыгы жок эле эбегейсиз эмгек кылган кыйын кыргыздар толтура. Ушу сыйлык 90 жаштагы чоң апама, туугандарыма туу сайгандай дем күч бергенине өтө таң калдым… Сыйлык алган күндүн эртеси таң атпай чоң апам чалып, ыйлап, куттуктап, батасын берди. Тилге өмүрүн арнап, эмгеги маданиятка эчак сиңген баласы Аалы сыйлык албаса да, кызы алганына кылым жашаган апам аябай кубанды көрүнөт.

Журналист, продюсер телеканала Маданият, тарых, тил Назира Аалы кызы во время интервью Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Назира Аалы кызы: кесибим болгон саясатымды саймедиреп, укук тармагына укуругумду ыргытсам, ушул учурда кагаз күрөп, тагдыр калчаган сот болмокмун го

— Кесибиңиз боюнча саясат таануучу экенсиз. Бирок саясат тааныгыңыз келбей, такыр башка тармакка таяп кетиптирсиз…

— Туура, кесибим боюнча юрист, анан анысы аз келгенсип саясат таанучумун. Журналистикага тиешем аз. Бирок менин атам Аалы Молдоканов СССР журналисттер союзунун мүчөсү болгон, чыгармачылыкка жакын, анан айтылбаган мыкты акын. Саясатты жакшы эле тааныйын, такылдап юрист болоюн деп турган жеримен атамдын таасири менен тарс бурулуп эле такыр башка жакка багыт алып кеттим. Совет мезгили — улут маселеси айтылбаса дагы аябай оор мезгил. Ошондой учурда атам орусташып кеткенден оголе корккон окшойт. Мени бала бакчага бербей, кенедейимен кемпирдей тибиретип, тилимди чыгарды. Жобурап жомок айтып отуруп, акыры журналист кылды. Эң асты сыналгыны коюп алып, теленин терисин сыйрый сындаган сынчы болгом. Диванда отуруп алып, экрандын ар жагын элекке салган эң оңой иш экенин эфир менен иштегенде көрүп отурбайымбы. Кичинемде доктурга көп жаттым. Көп дарылаган, капкара олоң чачы ороло түйүлгөн, кырдач мурун, сулуу, ак халат кийсе ажары андан бетер ашкан Калия деген доктур эжеге аябай таасирленип, доктур болгум келчү. Мен дагы ага окшоп мойнума тыңшагыч тагып, ак халат кийип, аябай каада менен палата кыдырсам деп кыялданчумун… Өткөндө атам менен апам "анын эмнеси бар экен, бирөө сени доктур болом десең кой дедиби, азыр деле кеч эмес, тапшырып кой, аркы-берки болуп отуруп, элүүңдө эл көрүп каласың" деген эле.

— Бир учурда белдүү журналисттер тобу "Бешинчи каналдын" көркүн ачып, арасында сиз да бар элеңиз?

— Теле дүйнөсүнө саякат КТРден башталган. Бирок башталганда эле балта чапкандар көп болуп, мен болсо теледен башканы тегерегимен көрбөй, көшөрүп ошол тармакка жабышканым жабышкан. Болбосо кесибим болгон саясатымды саймедиреп, укук тармагына укуругумду ыргытсам, ушул учурда кагаз күрөп, тагдыр калчаган сот болмокмун го. Кыскасы, сот, саясий серепчи, адвокат, комузчу, анан доктур болбой калып "Бешинчи каналга" келдим. Эмнеси экенин билбейм, айтор каналдын жетекчиси "атама аябай жагыпсың, сыноосу жок эле ишке алындың" деди. Кимисине жаксам дагы жакшы болуптур деп ишке кириштим. Орусча, кыргызча эфир алып барып, кыргыздын каада-салтын, дүйнө таанымын тааныштырган "Салт-санат" деген орусча-кыргызча көрсөтүү даярдай баштадым. Бала кезден "кыргыз деген башкача эл болот" деп отурса-турса байыркынын баянын айткандан чарчабаган атам Аалынын айткандары эми эсиме чындап түшө баштады. Каада-салтты казып баштасам кыргыз дүйнөсү укмуштуудай улуу тарыхы бар казына экенин көрүп, таң калдым. Чиеленишкен, ашыгы-кеми жок, ушунчалык акыл менен түптөлгөн салты, таш кылымдан бери такалбай келе жаткан тажырыйбасы бар, таң калаарлык маданияты калыптанган карт эл экенибизге мен ошондо тан бергем. Азыркыга чейин биз кыргыз ааламынын четин дагы ойо элекпиз. Биздин кыбырап кылганыбыз толугу менен ал улуу дүйнөнү ачып бере элек.

Журналист, продюсер телеканала Маданият, тарых, тил Назира Аалы кызы с семьей
© Фото / из личного архива Назиры Аалы кызы
Жолдошу экөө эки кыз, бир уулду тарбиялап келишет

— Кандай журналист калк кадырына ээ болуп, көпчүлүктүн көңүлүнө толот? Балким башыңыздан өткөргөн тажрыйбаңызга таянып айтып берерсиз?

— Так ошол тажырыйба деген нерсе көп учурда таланттуулардын таш-талканын чыгарат. Ар кимдин өз жолу, өз тили, эч кимге окшобогон эн белгиси бар. Ошол нерсени жоготпой, өрчүтүп өргө чыгаруу керек. Бул тажырыйба деген нерсе жанагы мен өйдө жакта айткан доктур үчүн өтө баалуу. Журналистика — бул такыр башкача тармак. Ар бир көрсөтүүнү жаңыдан, башынан баштайсың. Темаңа баладай кызыгып, тажрыйба деген багажды ыргытып салуу керек. Сен өзүң маалымат ташыгыч болгон соң, ээ болгон маалыматтын маанисин, маңызын ого бетер чыгарып туруп элге айтып бересиң. Адам менен майын чыгара маектешесиң. Болгон сыры ушу болсо керек. Илгери журналисттин милдетин үйгө келген "кудай конок" аткарчу. Аркы-берки өрөөндүн жаңылыгын айтып берчү, аны аябай кадырлап, коюн союп тосуп алчу. Анткени адам баласына дайыма маалымат керек. Жакшыбы-жаманбы, ал дайыма маалыматка муктаж. Кеп, сөз — журналисттин негизги куралы. Ошону ой келди пайдаланбай, оштонуп обу жок нерселерди жазбай, калп айтпай калыс сүйлөп турса, кесипкөйлүктүн туу чокусуна жеткени эмеспи. Теленин тегирмени бир аз башкачараак. Ээн ооздукка бөгөт бир аз чоңураак. Калыптанып калган маалымат берүү маданияты бар. Анан ошо журналист деген кесипти аркалайм деген адам баладай баарына кызыгып, таң калып, таң калтырып отурса ойдогудай интервью, көрсөтүү даярдалса керек.

— Сиз учурда Коомдук биринчи каналдын "Маданият, тарых жана тил" каналын жетектеп жатасыз. Аты узун каналдын заты кандай болууда?

— Негизи дүйнө жүзүндөгү тажрыйбаны алып караганда маданият каналдарынын рейтинги анча жогору эмес. Себеби маңызын маданият түзгөн каналдарда уруш-талаш, кан-жин аралашкан ар кандай көрсөтүүлөр берилбейт. Агартуучулук, таанып-билүү көрсөтүүлөрү, көпчүлүктүн көңүл чордонунда боло албасы анык нерсе. Мисалы, ар кимдин абийирин ачып ажылдаган ток-шоулар, канжалаган кармаштарды көрсөткөн каналдар менен теңтайлашуу оңой эмес. Азыр эч ким эч нерсеге таң калбай калган заманда телеге, өзгөчө маданиятты чагылдырган бизге, татаал болду. Социалдык тармактарда кабарчы деген катардан чыгат. Түз эфирге каалаган жерден каратып туруп чыгып коет. Ар ким өзүнө режиссер, редактор. Оюна келгендин баарын өзүнүн эфиринде жасайт. Мушташат, чачташат, өбүшөт, тебишет, ырдайт, жыргайт. Андай нерсени көрүү оңой, башыңды оорутпайсың, ойлонбойсуң. А биз эфирден берген бир сааттык классикалык концертти, спектаклди көрүү үчүн бир аз руханий көрөңгө, даярдык керек. Аны сиңирип, кабыл алуу оңой эмес. Бирок табит деген нерсени тарбиялаш керек да.

Журналист, продюсер телеканала Маданият, тарых, тил Назира Аалы кызы во время интервью Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Назира Аалы кызы: ажылдаган ток-шоулар, канжалаган кармаштарды көрсөткөн каналдар менен теңтайлашуу оңой эмес. Азыр эч ким эч нерсеге таң калбай калган заманда телеге, өзгөчө маданиятты чагылдырган бизге, татаал болду

— Силердин каналда эгерим эч жактан кетпеген эмне көрсөтүүлөр бар?

— Эңсесе да эч жерден көрө албаган теле казынадагы көрсөтүүлөлөрдү казып эле берип жатабыз. Андай баалуу берүүлөр кайталоо менен берилип турат. Спектаклдер көп кетет. Дүйнөлүк жана жергиликтүү театр премьераларын беребиз. Андан сырткары, тарыхый, көркөм, даректүү да тасмалар эл назарына сунушталып турат.

— Маданият каналы мактана турган берүүлөр тууралуу айтып берсеңиз?

— Ар бир көрсөтүүнун артында чоң эмгек жатат. "Улуу мурас" деген долбоор бар. Ал бизде эле эмес түрктөрдүн "ТРТ" каналы аркылуу дүйнө элдерине көрсөтүлүп, мектептерде колдонмо курал катары пайдаланылууда. Манасчылыкты иликтеген "Айкөл ааламы" деген долбоор бар. "Тоолуктардын ток-шоусу" деген өзүбүздун өзгөчө долбоорубуз бар, аны алып барган журналист Мирхамид Токтогул уулу эл сүймөнчүлүгүнө айланды. Азыркы жана көзү өтүп кеткен залкарлардын өмүр жолун барактаган "Бейне", "Өмүр сызыгы" деген көрсөтүүбүз бар. "Кыз-жигит Сармерден" долбоору беш жылдан бери көпчүлүктүн көңүлүн буруп турду. Башка улуттарды кыргызча ырдаткан "Ырдайлы кыргыз ырларын" берүүсү, ак элечек энени даназалап, аларды ырдатып бийлеткен "Шайыр апалар" долбоору. Бул маданияттагы биринчи социалдык долбоор болду. Түгөлбай Казаков агай өткөндө "үйүндө тынч чай ичип отурган апаларды чайкап салдынар, эми эр экенсинер токтотуп көргүлө" деген эле, чыны менен токтото албай калдык. Төкмөлөрүбузгө теленин төрүн бошоттук. Булар негизгилери гана, студияда жасалган канча көрсөтүүлөрүбүз бар. Кат менен келген канча кайрылууларды канааттандырабыз. Иши кылып иш толтура. Жамаатыбыз жакшы. Улуусу, кичүүсү аралаш, эл артисти, эмгек синиргени, айтор, залкарлар менен замандаш болгон агай-эжейлер иштеген жамаатты жетектеген мен үчүн сыймык.

— Көчмөндөр оюну келе жатат. Сиздер да ага катуу даярданып жатсаңыздар керек?

— Буга чейинки эки оюндун маданий бөлүгүн жакшы чагылдырганбыз. "Кырчындагы кызыктар" деп Кырчын жайлоосунан түз алып көрсөтүп жаттык. III Көчмөндөр оюнуна да даярдыктар күч, пландар көп. Мурункудан да ашыра көрсөтүү, Көчмөндөр оюнуна биздеги долбоорлорду да ыкташтырып кетүү — башкы максатыбыз. Мисалы, "Апалар айылын" ачып, ошол жактан шайыр апаларды өзүнчө тартсакпы деген ойлор, пландар бар.

Журналист, продюсер телеканала Маданият, тарых, тил Назира Аалы кызы с мужем
© Фото / из личного архива Назиры Аалы кызы
Продюсер: жолдошум зүн-өзү көтөргөн, өзүн-өзү жасаган аракетчил, иштерман адам. Экөөбүз 19 жашыбызда үйлөнгөнбүз. Ал кезде эч нерсеси, үйү да, унаасы да жок, бирок жүүнү тирүү жигит экен

— Саясатка ыктап кетпейсизби?

— Андай деле ойлор жок. Бирок кээде айрым маселелер козголгондо саясий амбициялар ойгонуп кетет. Өзүм негизи кээде отуруп чиймелеп коем. Ошондон улам кичине аңгемелер жыйнагын чыгарсамбы деген ой бар. Ал эми калганын убакыт көрсөтөт го.

— Биздин маданият тармагы эмнеден аксайт?

— Биздин маданият тармагында талаш маселелер көп. Маданиятты өлкөнүн өзөгү деп түшүнүш керек. Андай түшүнүүгө келбесек эч бир тармакта өнүгүү болбосу турган нерсе. Пайдубал, өзөк. Комузчу комузун чертип, сүрөтчү сүрөтүн тартып, актер ийине жеткире ойноп акчаны ойлогонго убактысы жок болуш керек. Мурасты сактоочулар, өткөрүп берүүчүлөр, агартуучулар жана тазартуучулар акчадан алыс болушу керек. Анын курсагын мамлекет тойгузууга милдеттүү. Бул өтө сезимтал, акча жагынан алсыз катмарды камсыздоо мамлекеттин эң маанилүү маселеси болууга тийиш. Дүйнөлүк масштабда маданиятты бизнес менен айкалыштырган аябай жакшы тажырыйбалар бар, бирок биз ал жагынан азырынча чабалбыз.

— Үй-бүлөңүз, жеке жашооңуз тууралуу да кеп салсаңыз? Жолдошуңуз да чыгармачыл адамбы?

— Жолдошум чыгармачыл чөйрөдөн эмес, спорт мектебин бүткөн, өз кендирин өзү кескен чыйрак жигит. Атасы да темир жолчу болгон, өзү да темир жолдо иштеп, учурда ошол тармактын бир учун чоюп келүүдө. Өзүн-өзү көтөргөн, өзүн-өзү жасаган аракетчил, иштерман адам. Экөөбүз 19 жашыбызда үйлөнгөнбүз. Ал кезде эч нерсеси, үйү да, унаасы да жок, бирок жүүнү тирүү жигит экен. Чоң апам дайыма "өзүн өзү баккан өңгөнү да багат" деп көп айтып калчу, Анын өзүнө тың экенин турган турпатын байкап туруп баш коштум. Андан бери 22 жыл өттү. Ортодо эки кыз, бир уулубуз бар. Менин үй-бүлөм башкалардан башкача эмес, кадимки эле катардагы кыргыздын үй-бүлөсү. Дем-күч берген атам, ал менин — кеңешчим. Бардык нерсени атам менен кеңешип жасайм. Апам болсо эң чоң сынчым, андан чон сынчым кызым Диана, юмору күчтүү, бирөө укса таң калса керек, бирок мен эркелеп кеткенде эсиме келтирип турган так ошол кызым, уулум Иса азыр өзүн өтө олуттуу, маанилүү, анан аябай салабаттуу сезген куракта. Кенжетайыбыз эркеси башынан ашкан экидеги кызым баарыбыздын эрмегибиз.

Белгилер:
каада-салт, маданият, журналист, Назира Аалы кызы, Кыргызстан
Тема боюнча
Журналист Айжан Омолдошева: канатыңды кыркып коем деп коркуткандар болду
Жолдошбаева: аялдардын көбү айтпайт, бирок жалгыз бой эне болуу кыйын
Саламаттык сактоо министрлигинин имараты. Архив

Министрлик Бишкекте уу коргошунга адамдар ууланганын тастыктап, чоо-жайын айтты

(жаңыланган 19:44 20.04.2021)
Ооруканага түшкөн 71 жана 67 жаштагы жубайлар кечээ аконит тундурмасын көбүрөөк дозада ичип алганын айтышкан.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Борбор калаада эки адам уу коргошунга ууланып ооруканага түштү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Алар бүгүн, 20-апрелде, Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун Токсикология бөлүмүнө жаткырылган.

"Уулангандар 71 жана 67 жаштагы жубайлар болгон. Алдын ала диагнозу "аконитке уулануу, аритмогендик шок" деп коюлду. Бейтаптар узак убакыттан бери тундурманы ичип келгенин, күйөөсү жаңы ичип баштагандыктан кечээ дозасын көбөйткөнүн айтышкан. Ооруканада тиешелүү дарылануудан кийин алардын жүрөк-кан тамырынын иштөөсү калыбына келип, экөөнүн тең абалы турукташты. Интенсивдүү терапия уланууда", — деп айтылат маалыматта.

Министрлик уу коргошунга ууланды делген дагы бир бейтап боюнча маалымат берди. Ал да бүгүн Тез жардам кызматынын унаасы менен Улуттук кардиология жана терапия борборуна түшкөн.

"63 жаштагы кишинин жүрөгүнүн согушу солгундап, жүрөгү айланып, кусуп, алсырап, өтө оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Алдын ала диагнозу "белгисиз заттан ууланган" деп айтылууда. Азыркы учурда абалы туруктуу, интенсивдүү терапия уланууда", — деп билдирди министрлик.

Бейтаптын каны жана заарасы алынып, лабораториялык-диагностикалык изилдөө жүргүзүү үчүн Республикалык соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнө жөнөтүлгөн.

Буга чейин Бишкектин Тез жардам кызматы уу коргошунга ууланган киши ооруканага жеткирилгенин билдирген.

Уу коргошун чуусу

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан. Көп өтпөй социалдык тармактагы баракчасына он чакты киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө саргыч түстөгү суюктукту куюп жаткан видео жарыялаган. Анда бөтөлкөлөрдүн сыртында "Уу коргошун" жана "Иссык-Кульский корень" деген жазуулар бар экенин көрүүгө болот.

Тема:
Уу коргошун чуусу
Тема боюнча
Уу коргошун менен дарыланган адам өлүп калса ким жооп берет? Министрдин жообу
ЖКнын тармактык комитети министр Бейшеналиевди иштен алуу чечимин кабыл алды
Сокулук музыкалык мектебинин окуучусу Адинай Жумакадырова комуз белекке алды

Президенттен комуз сураган Адинай белегин алды. Сүрөт

(жаңыланган 19:10 20.04.2021)
Өзүмдүн өрүк комузум болсо деп кыялданган окуучу кыз президентке кат жазып көрүүнү чечкен. Мамлекет башчы Адинайдын өтүнүчүн жоопсуз калтырган жок.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Сокулук музыкалык мектебинин 3-класстагы окуучусу Адинай Жумакадырова мамлекет башчы Садыр Жапаровдон комуз белекке алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

  • Заведующий отделом Аппарата Президента Кудайберген Базарбаев подарил ученице Сокулукской музыкальной школы Адинай Жумакадыровой от комуз. 20 апреля 2021 года
    Сокулук музыкалык мектебинин 3-класстагы окуучусу Адинай Жумакадырова мамлекет башчы Садыр Жапаровдон комуз белекке алды
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Ученица Сокулукской музыкальной школы Адинай Жумакадыровой играет на подаренном от имени президента комузе. 20 апреля 2021 года
    Маалыматка караганда, тестиер кыз Нооруз майрамына карата президентке кат жолдоп, өрүк комуз белек кылууну суранган
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 2
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Сокулук музыкалык мектебинин 3-класстагы окуучусу Адинай Жумакадырова мамлекет башчы Садыр Жапаровдон комуз белекке алды

Маалыматка караганда, тестиер кыз Нооруз майрамына карата президентке кат жолдоп, өрүк комуз белек кылууну суранган.

Бүгүн, 20-апрелде, президенттин аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев Адинайдын өтүнүчүн аткарып, президенттин атынан ага комуз белек кылды.

"Адинайдын жолдогон каты дарегине жетти. Бүгүн биз Садыр Жапаровдун атынан улуттук музыкалык аспапты Адинайга белекке тапшырып жатканыбызга кубанычтабыз. Комуз өрүктөн жасалган. Мамлекет башчы Адинай мыкты музыкант болуп, эл аралык конкурстарда өлкөнүн атынан чыгат деген чоң үмүтүн билдирди", — деди Базарбаев.

Ал эми жаш музыканттын апасы Асел Асаналиева президентке кат жазуу кыздын жеке идеясы болгонун айтты.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
"Адинай бала кезинен эле музыкага, комузга өзгөчө жакын. Ар дайым өзүмдүн комузум болсо деп кыялданчу. Кыялын ишке ашырууга аракеттенип, президенттен суроону чечкен. Көп өтпөй эле комуз белекке берилери жөнүндө кабарлашты", — деди ал.

Адинай аспапка аяр мамиле жасап, көрүнүктүү комузчу болуш үчүн болгон күч-аракетин жумшарын белгиледи.

Белгилер:
аспап, Нооруз, комуз, Садыр Жапаров, президент, Сокулук
Тема боюнча
Жапаров: Бишкек баатыр ырыс жылоологон касиеттүү адамдардан болгон