Бир жумада өлкө аймагында 21 миңден ашык жол эрежеси бузулган

Жазылуу
208 айдоочу мас абалында машина айдаса, 503 айдоочу тийиштүү документи жок рулга отурган

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Кыргызстанда 5-январдан 11-январга чейин 21 237 жол эрежеси бузулганын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Нарушение ПДД в Нью-Дели - Sputnik Кыргызстан
Кой-Таш айылында бир кыздын өмүрүнө забын болуп из жашырган айдоочу кармалды
Ага ылайык, 208 айдоочу мас абалында машина айдаса, 503 айдоочу тийиштүү документи жок рулга отурган. Айып короого 837 автоунаа токтотулган.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды жолдо жүрүү эрежелерин сактоого чакырат.

Аксы районунда мугалимдерди коюп кеткен жол кырсыктын чоо-жайы аныкталды. Эки мугалимдин артында төрт бала калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0