Ош: баласын сабаган эне "Адам өлтүрүү" беренеси менен абакка которулду

Жазылуу
Баланын сөөгү балдар ооруканасынын өлүкканасында. Ага соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп жатат

ОШ, 12-фев. — Sputnik. Ош шаарында өз баласын депкир менен сабаган энеге коюлган айып "Адам өлтүрүү" беренесине өзгөртүлдү. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат катчысы Замир Сыдыков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Эске сала кетсек, Ош шаарында 24 жаштагы өз энеси депкир менен сабаган 3 жаштагы бала эс-учун жоготуп, облустук балдар ооруканасынын жандандырууу бөлүмүнө келип түшкөн. Бул фактынын негизинде шектүү катары баланын энеси шаардык милиция тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. 11-февраль күнү саат 18:30дар чамасында бала өзүнө келбей каза болгон.

"Буга чейин баласын сабаган энеге карата Кылмыш жаза кодексинин 234-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон. Шаардык соттун чемими менен шектүү эне 4-апрелге чейин камакка алынган. Баласы комадан чыкпай каза болгондон кийин энеге карата коюлган айып Кылмыш жана кодексинин 97-беренесине (Адам өлтүрүү) өзгөртүлдү. Эми ал Жалал-Абад шаарындагы аялдар абагына жиберилет", — деди Сыдыков.

Балдар ооруканасында каза болгон наристенин сөөгү өлүкканада сакталууда. Учурда соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп жатат. 

Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Батина Токобаева билдиргендей, каза болгон бала Ош шаарындагы көрүстөндөрдүн бирине коюлат. Наристенин апасынын жакындары сөөктү алып кетүүгө макул болгон эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0