ТЭЦтеги авариянын болжолдуу себеби аныкталды

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек ТЭЦинин кызматкери. Архив
Бишкек ТЭЦинин кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын 26-январында Бишкек ТЭЦинде авария болуп, шаардыктар жылуулуксуз калышкан. Борбордун иши 2-февраль күнү гана калыбына келтирилген.

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Бишкектеги Жылуулук электр борборундагы кырсыкка (ЖЭБ — ТЭЦ) авариянын кесепетин жоюуда кызматкерлердин чаржайыт аракети, жабдуу үчүн топтолгон суунун аздыгы, күз-кыш мезгилине карата имараттар менен курулуштун даяр эместиги жана 3-блокту ишке киргизүүнү кечеңдетүү себеп болгон. Ведомство аралык комиссиянын алдын ала жыйынтыгын өкмөттүн маалымат кызматы таратты.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 26-январдын кечинде көп кабаттуу үйлөрдөгү батареялар муздап баштаганын тургундар социалдык тармактарга жазышкан. Кийин Бишкек ТЭЦиндеги эски буу казандарга суу берген куур жарылганы айтылган. Кырсыктын кесепеттери 30-январда гана жөнгө салынып, шаардыктардын үйүнө жылуулук берүү калыбына келе баштаган.

Авария на ТЭЦ Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Декабрь менен январь үчүн жылуулук төлөмүндөгү аз айырманын себеби түшүндүрүлдү
Бир топ зыян келтирген кырсыктын себептерин аныктоо үчүн биринчи вице-премьер Аскар Шадиев башында турган ведомство аралык комиссия түзүлгөн. Топтун мүчөлөрү көчмө жыйын өткөрүп, шаарды жылуулук менен камсыздоочу борбордун технологиялык жабдуусунун ишин көрүп, буу казандарды, щиттерди текшерди.

Иликтөөнүн жүрүшүндө ТЭЦтин эмгек жамааты жана жабдуусу 30 градустук суукка даяр эместиги аныкталган. Бирок 23-январь күнү "Электр станциялары" ишканасы ТЭЦке телефонаграмма жөнөтүп, кескин чараларды көрүү тапшырмасы берилген. Ушундай эле эскертүү "Улуттук энергохолдингден" да келгени белгилүү болду. Мындан тышкары, 25-январда күз-кыш айларына даярдык боюнча өткөргөн республикалык штабдын жыйынында калкты жылуулук жана ысык суу менен камсыздай турчу кызматтардын ар кандай кырдаалга даяр туруу талабы коюлган.

"Буга карабастан 24-январдан баштап суу көп пайдаланылганы аныкталды. Ага кошумча суунун деңгээлин көрсөтүүчү датчиктер тоңуп, иштеп жаткан насостордун манометрине аба толуп калган. Насостордун фильтрлери да таза эмес болуп чыккан. Ар бир цех өз алдынча иштеп, кырсыктын кесепетин жоюу боюнча иш ырааттуу жүргөн эмес", — деп айтылат маалыматта.

Абалды тышкы түтүктөрдүн, көзөмөлдөп ченөөчү жабдуулар менен автоматиканын тоңуп калышы күчөтүп жиберген. Буу казандардын тоңуп калуусунун алдын алуу максатында суу төгүлүп, ал эми түтүктөрдөгү калдык суу тоңуп калган.

"Буу казандарды иштетүүдө тоңуп калган түтүктөр жарылып, аларды бүтөө үчүн суулары төгүлүп, кайра куюлган. Ошол эле учурда башка тоңуп калган түтүктөр от жагылып эритилип, мунун баарына убакыт талап кылынган", — деп айтылат өкмөттүн билдирүүсүндө.

Бишкек ТЭЦи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек ТЭЦине мурдагы директору кайрадан жетекчи болуп дайындалды
Ал эми кырсык болгон күнү 3-блоктун буу казанында толтура суу болгону айтылды. Маалыматта аны жылытып ишке киргизүү үчүн химиялык суунун аз экени белгиленди. Кийинки күндөрү казанды толтуруу үчүн суу жетишсиз эле, жалпы жонунан 240 тонна суу керектелмек. Ошентип үчүнчү блок 30-январь күнү ишке кирип, ТЭЦтин иши 2-февраль күнү гана өз калыбына келген.

ТЭЦтеги авариядан улам Жогорку Кеңеш депутаттары өкмөттүн түшүндүрмөсүн уккан. Анда премьер-министр Сапар Исаков бардык жоопкерчиликти өзү моюндай турганын айтып, бирок жабдууларды жаңыртып, ишкананы карыздан кутултуу үчүн электр энергиясына тарифти көтөрүү зарылдыгы бар экенин кыйыткан.

Ал эми экономисттер авария кандай зыян алып келгенин айтып беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0