Премьер-министр Сапар Исаков Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Кадамжай районундагы Алга айылында төрт баланы жалгыз тарбиялап жаткан Тазагүл Мамытованын үй-бүлөсүнөн кабар алган

Бутун чечпей үйгө кирип барган аткаминерлер соцтармакта сынга кабылды

19685
(жаңыланган 09:24 15.02.2018)
Окуя Сапар Исаковдун Баткен облусуна болгон жумушчу сапары учурунда болгон

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Кадамжай районундагы Алга айылында төрт баланы жалгыз тарбиялап жаткан Тазагүл Мамытованын үй-бүлөсүнөн кабар алган.

Премьерди облус жетекчиси Абиш Халмурзаев жана Кадамжай районунун акими Жаныбек Исаков коштоп барган.

Премьер-министр КР Сапар Исаков в рамках рабочей поездки в Баткенскую область навестил малоимущую семью Тазагул Мамытовой, проживающей в селе Алга Кадамжайского района.
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Рабочая поездка Сапара Исаков в Баткенскую область

Өкмөттүн маалымат кызматы тараткан сүрөттө Мамытованын үйүнө келген Абиш Халмурзаев менен Жаныбек Исаков бутун чечпей жүргөнү даана көрүнөт. Ал эми Сапар Исаков бутун чечип-чечпегени байкалбайт. Бул учурда Мамытова балдары менен байпакчан мештин жанында турганын көрүүгө болот.

Аткаминерлердин бул кылыгы социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан сынга кабылды. Алар сый-урмат көрсөтүп бутун чечип кирсе болмок деген пикирлерин жазышууда.

Өкмөттүн маалымат кызматы тараткан билдирүүдө учурда Мамытова жашы жете элек төрт баланы тарбиялап жатканы айтылат. Алардын эң кичүүсү 4 жашта. Күйөөсү 2014-жылы каза болгон. 2016-жылы жергиликтүү бийлик үй-бүлөгө эки бөлмөлүү үй куруп берген.

Сапар Исаков үй-бүлөгө материалдык көмөк көрсөтүп, тийиштүү мамлекеттик органдарга аталган үй-бүлөнүн социалдык маселелерин чечүүдө көмөк көрсөтүү тапшырмасын берген.

"Бут кийимин чечип киришсе болмок, же байпактары жыртыкпы?", —деп Жазгүля Туратбекова аттуу колонуучу жазды.

"Алардын буту жыттанып кеткенби, же байпагы жыртыкпы? Эмнеге бутун чечишкен эмес?", — деп Романов суроо салган.

Өкмөт башчы аймактарга болгон иш-сапарларынын жүрүшүндө аз камсыз болгон үй-бөлөлөрдүн абалынан кабар алып келет. Буга чейин Ысык-Көл облусуна болгон иш-сапарында да жакыр жашагандар менен үйүнө барып жолуккан.

19685
Белгилер:
Жаныбек Исаков, Абиш Халмурзаев, Сапар Исаков, Баткен облусу
Тема боюнча
Сапар Исаков Көчмөндөр оюнуна алгачкы конокторду чакырды
Исаков: бажы кызматында дагы бир топ нерселер ачылат
Сотрудники правоохранительных органов стоят на блок-посту в одном из населенных пунктов Ошской области

Баткенде бүгүн киргизилген катуу чектөөлөр кайрадан алынды

1
Акыркы күндөрү Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны кайра арбып кетти. Алардын көбү Баткен облусунан чыгууда.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Баткенде облусунда курчуган эпидемиологиялык кырдаалдан улам бүгүн киргизилген бир нече чектөөлөр бир сутка өтпөй жоюлуп, республикалык штаб бир нече тармактын иштөөсүнө кайра уруксат берди. Бул туурасында аталган штаб кабарлады.

28-сентябрда эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кабыл алынган чечимдер, республикалык штабдын тапшырмасы менен кайрадан каралып чыккан.

Эске салсак, бүгүн Баткенде облустар жана райондор аралык, ошондой эле райондук, шаардык ички коомдук транспорттун каттамы убактылуу токтотулган. Мал базарлардын иштебей, мечиттерде жамаат менен жума намаздарын окуулбай турганы айтылган эле.

Соңку суткада коронавирустан Ош облусунда бир адам көз жумду

"Анда жер-жерлерде, райондук администрация жана шаардык мэрияларга кайрылган коомдук транспорттун айдоочуларынын жана жергиликтүү тургундардын кабыл алынган чектөөлөр, алардын турмуш шартына түздөн-түз таасир этээрин айтылган. Коомдук транспорттун, мал базарларын жана мечиттердин кадимки нукта иштөөсүнө уруксат сурап, бардык санитардык талаптарды сактай тургандыктарын айтып кайрылган сунуштары эске алынды", - деп жазылган маалыматта.

Мындан улам облустук штаб, маселени кайра карап чыгып, санитардык талаптарды сактоо менен иштөөгө уруксат берген.

"Бирок облуста катуу көзөмөлдөгү беткап режими жана той аштарга болгон чектөөлөр күчүндө калды. Ал эми базарларда, соода борборлорунда, дүкөндөрдө, тамактануучу жайларда, коомдук жайларда санитардык талаптардын аткарылышы боюнча күн сайын рейд жана дезинфекциялоо иштери жүрөт, баш ийбегендерге мыйзам чегинде чара көрүлөт", - деп билдиришти штабдан.

Вирус күчөп бараткан Баткендин экинчи толкунга даярдыгы кандай

Акыркы күндөрү Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны кайра арбып кетти. Бүгүн, 28-сентябрга карата, 104 кишиден вирус табылды.

1
Белгилер:
чектөө, коронавирус, Баткен облусу, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
КРде бир нече аптадан бери алгачкы өлүм катталды. COVID боюнча статистика
Баткенде санитардык талаптарды аткарбагандарга айып салынды. Арасында 9 мамкызматкер бар
COVID-19га каршы россиялык Спутник V вакцинасы. Архив

Россиялык вакцинанын алгачкылары Беларуска келе баштады

9
(жаңыланган 21:15 28.09.2020)
Клиникалык изилдөөлөр Беларустун сегиз медициналык мекемесинде жасала тургандыгы айтылды. Эмдөө 1-октябрда башталмакчы.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. COVID-19га каршы россиялык "Спутник V" вакцинасынын биринчи партиясы Беларуска алып келинди. Бул тууралуу Түз инвестициялар боюнча россиялык фонд билдирди.

Фонд бул азырынча дүйнө боюнча катталган бирден бир вакцина экендигин айтты. Аны клиникалык изилдөө жасоо үчүн Россиянын жер-жерлерине жеткиришкен, эми бул процедураларга Беларусь кошулду. Ал препаратты алган биринчи чет мамлекет болуп калды.

Клиникалык изилдөөлөрдүн Беларустун сегиз медициналык мекемесинде жасала тургандыгы айтылды. Ыктыярчыларды эмдөө 1-октябрда башталмакчы. Фонд 100 киши катышкан Беларустагы клиникалык изилдөөнү каржылап бермекчи.

Путин менен жолуккан Жээнбеков: россиялык вакцина КРге жетет деп үмүттөнөм

Фонддон мындай иш-чараны Бразилия, Индия, Сауд Аравиясы, Египет жана Бириккен Араб Эмирлигинде жүргүзүү пландалып жаткандыгын айтышты.

Вакцина суроо-талап жаралып, КМШнын, Европаны, Азияны, Жакынкы Чыгышты жана Латын Америкасын кошкондо 50 мамлекеттен арыз түшкөн.

Буга чейин аталган фонд макулдашуунун негизинде өнөктөштөр менен сүйлөшүү жүргүзүлүп, Мексикага 32 миң, Бразилияга 50 миллион, Индияга 100 миллион, Өзбекстанга 35 миллион доза берилерин айткан эле.

9
Белгилер:
Россия, вакцина, Беларусь
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
COVID-19га каршы россиялык вакцина КМШга берилет