Ат-Башыда минген аты келип, өзү жоголгон киши табылды

Жазылуу
Аны издөөгө 50гө жакын киши тартылган

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Ат-Башы районундагы Баш-Кайыңды айыл аймагында минген аты келип, өзү жоголгон 44 жаштагы киши аман-эсен табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 13-февралда 44 жана 42 жаштагы тургундар Баш-Кайыңды айылынан Ат-Башыга ат менен келип, 42 жаштагы тургун кайта кайтып келген. 44 жаштагы тургундун минген аты эле келген. Ошол эле күнү 50гө жакын киши издөө иштерине тартылган. Түн кирип кеткендиктен издөө аракеттери токтотулган.

"Бүгүн издөө иштеринин жүрүшүндө дайынсыз болгон жаран Ат-Башы айылындагы тууганынын үйүндө түнөп калгандыгы аныкталган", — деп айтылат ӨКМ тараткан билдирүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жума аягына чейин аба ырайы кескин өзгөрүп, күн сууктай турганын эскертти. Андыктан алыскы жолго чыгаарда этият болуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0