Быйыл ажылыкка авиабилеттин баасы 1550 долларды түзмөй болду

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүЗыяратчылар. Архив
Зыяратчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык зыяратчыларды ажылыкка ташуу боюнча конкурс бир ай мурда жарыяланган болчу

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Быйыл кыргызстандык ажыларды Flaynas авиакомпаниясы ташый турганы конкурстун жыйынтыгында аныкталды. Ошондой эле авиабилеттин баасы 1550 долларды түздү. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, зыяратчыларды ташуу үчүн конкурска Сауд Аравиянын жарандык Flaynas авиакомпаниясы гана катышкан. Конкурс 12-январдан 12-февралга чейин жарыяланган болчу.

"Ал эми быйылкы жылы Flaynas авиакомпаниясы кыргызстандык зыяратчыларды ташууда авиабилеттин наркы 1550 АКШ доллар болорун белгилеп, баа былтыркы боюнча калтырылгандыгын кошумчалады", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандык зыяратчыларды былтыр дагы Flaynas авиакомпаниясы ташыган.

Быйыл Сауд Аравия Кыргызстан үчүн жалпысынан 5400 квота бөлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0