Бишкекте Ак үйдүн маңдайына эмне салынып жатканы белгилүү болду. Эскиз

© Sputnik / Табылды КадырбековСтроительство многофункционального административного здания напротив ЖК
Строительство многофункционального административного здания напротив ЖК - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Имаратты курууга өткөн жылдын жай айында уруксат берилген

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Бишкектеги Киев менен Панфилов көчөлөрүнүн кесилишине, Жогорку Кеңештин (Ак үй) каршы тарабына көп функционалдуу административдик имарат курулуп жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына "Бишкекбашкыархитектура" (ББА) ишканасынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Окурмандар Sputnik Кыргызстан агенттигине кайрылып борбор калаанын чок ортосуна эмне курулуп жатканын билип берүүнү суранышкан. Буга чейин ал жакта эки кабаттуу эски үйлөр турчу. Кийин алар бузулуп, курулуш иштери башталган.

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги Киев менен Панфилов көчөлөрүнүн кесилишине, Жогорку Кеңештин (Ак үй) каршы тарабына көп функционалдуу административдик имарат курулуп жатат
Бишкектеги Киев менен Панфилов көчөлөрүнүн кесилишине, Жогорку Кеңештин (Ак үй) каршы тарабына көп функционалдуу административдик имарат курулуп жатат - Sputnik Кыргызстан
1/3
Бишкектеги Киев менен Панфилов көчөлөрүнүн кесилишине, Жогорку Кеңештин (Ак үй) каршы тарабына көп функционалдуу административдик имарат курулуп жатат
© Фото / пресс-служба БишкекглавархитектурыОкурмандар Sputnik Кыргызстан агенттигине кайрылып борбор калаанын чок ортосуна эмне курулуп жатканын билип берүүнү суранышкан.
Окурмандар Sputnik Кыргызстан агенттигине кайрылып борбор калаанын чок ортосуна эмне курулуп жатканын билип берүүнү суранышкан. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Окурмандар Sputnik Кыргызстан агенттигине кайрылып борбор калаанын чок ортосуна эмне курулуп жатканын билип берүүнү суранышкан.
© Фото / пресс-служба БишкекглавархитектурыБуга чейин ал жакта эки кабаттуу эски үйлөр турчу. Кийин алар бузулуп, курулуш иштери башталган.
Буга чейин ал жакта эки кабаттуу эски үйлөр турчу. Кийин алар бузулуп, курулуш иштери башталган. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Буга чейин ал жакта эки кабаттуу эски үйлөр турчу. Кийин алар бузулуп, курулуш иштери башталган.
1/3
Бишкектеги Киев менен Панфилов көчөлөрүнүн кесилишине, Жогорку Кеңештин (Ак үй) каршы тарабына көп функционалдуу административдик имарат курулуп жатат
2/3
Окурмандар Sputnik Кыргызстан агенттигине кайрылып борбор калаанын чок ортосуна эмне курулуп жатканын билип берүүнү суранышкан.
3/3
Буга чейин ал жакта эки кабаттуу эски үйлөр турчу. Кийин алар бузулуп, курулуш иштери башталган.

ББАдан маалымдашкандай Бишкектин башкы планына ылайык, ал жер коомдук борбор жана көп кабаттуу үйлөрдү курууга ылайыкталган.

Курулуш иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрү үйлүү болушат
Панфилов көчөсүндөгү жалпы аянты 34,5 сотыхка жеткен жер аянты эми "Орион" ААКсына тийиштүү. Ага мамлекеттик акт жана күбөлүк берилген.

Бул объектинин орун алышына 2016-жылдын 11-февралында шаар куруу кеңешинин жыйынынында макулдашылган. Ал эми уруксат кагазы 2017-жылдын 30-июнунда берилген.

Имаратта соода борбору же жер алдындагы унаа токтотуучу жай болору азырынча белгисиз. Курулуш компаниясынын өкүлдөрү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0