Тажикстан Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасына акча алмаштыруу жайын ачат

© REUTERS / Jose Luis GonzalezОбмен валют в Сьюдад-Хуаресе. Мексика
Обмен валют в Сьюдад-Хуаресе. Мексика - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай кадам өлкөгө кирип жаткан чет элдик жарандар үчүн ыңгайлуу шарт түзүп, акчаны көмүскө базарда алмаштыруусунун алдын алат

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Тажикстандын Улуттук банкы Кыргызстан жана Өзбекстан менен болгон чек арасына акча алмаштыруу жайларын ачат. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан маалымат агенттиги Улуттук банктын Согди облусундагы өкүлчүлүгүнө таянуу менен билдирди.

"Жакын арада Кыргызстан жана Өзбекстан менен болгон чек арадагы көзөмөл өткөрүү пунктуларында акча алмаштыруу жайлары иштеп баштайт", — деп айтылат маалыматта.

Бул иш менен насыя берүүчү уюмдар алектенет. Анткени Тажикстанда жеке акча алмаштыруу жайларынын ишмердигине тыюу салынган.

500 евро купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Италиянын тургуну жасалма 40 млн. евро сактап жүргөн
Мындай кадам өлкөгө кирип жаткан чет элдик жарандардын ыңгайлуулугу үчүн жасалып, акчаны көмүскө базарда алмаштыруусунун алдын алат.

Ишемби жана жекшемби күндөрү банктар менен насыя берүүчү уюмдар иштебегендиктен доллар, евро жана рублди Кожент шаарында дагы алмаштыруу мүмкүн эмес.

Тажикстандын Улуттук банкы 2015-жылы өлкөдөгү бардык жеке акча алмаштыруу жайларын өз буйругу менен жапкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0