Унааны кайра каттатуунун зарылдыгын Мамкаттоо түшүндүрдү

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүАвтоунаалар. Архив
Автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгер өлкөдө "Акылдуу шаар" долбоору ишке ашса, унааларды кайра каттатуунун зарылдыгы күчөйт

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы "Акылдуу шаар" долбоорунун негизинде эмне себептен унааларды кайра каттоо керектигин түшүндүрүп берди.

Унааны кайра каттоодон өткөрүү үчүн айдоочу сөзсүз дарек-сурап билүү бюросунун базасында каттоодо турушу керек. Ал эми жашаган жериңизде каттоодо турганыңызды 119 номери аркылуу же portal.tazakoom.kg сайтынан текшерсеңиз болот.

Ошондой эле айдоочунун каалоосу болсо, унаанын мамлекеттик номери менен техникалык паспортун сактап калса болот.

Унааны ишеним кат аркылуу сатып алып кайра сатуунун төмөндөгүдөй терс жактары бар:

— унаанын алгачкы ээси төлөнбөгөн салыктар жана айып пулдарга жоопкер болот;

— машинанын катышуусу менен кандайдыр бир кылмыш же жол кырсыгы болгон учурда алгачкы ээси жооп берет;

— унааны ишеним кат менен алган айдоочу өз наамына өткөрүп албаса күрөөгө коюлганы, камакка алынганы жана башка чектөөлөр тууралуу маалымат ала албайт;

— мыйзамдуу ээси каза болсо, ишеним кат күчүн жоготуп, унааны мураска калтыруу боюнча көйгөй жаралышы мүмкүн.

Автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Унаасын каттата албай кыйналган айдоочу. МКК кызматкери жаранды убара кылдыбы
Ар кандай күтүлбөстүктөрдү алдын алуу максатында Мамкаттоо кызматы айдоочуларга сөзсүз түрдө унаасын кайрадан каттоодон өткөрүүнү сунуштайт.

Ушул тапта ишеним каттын баасы 700-1 500 сом, ал эми кайра каттатуу 3 000 сомдун тегереги. Бул 3 миң сомдун ичине тариф торчосунун негизинде жолдор фондусуна төлөнчү пайыздар (1-1,5 миң сом), кайра катоого кеткен документтерге 800 сомдой жана жаңы номерге 800 сом жумшалат.

Жаңылыктар түрмөгү
0