Бишкекте 11 жылдан кийин табылган кыз. Окуянын чоо-жайы

© Sputnik / Табылды КадырбековПоиски беглых заключенных в жилмассиве "Энесай"
Поиски беглых заключенных в жилмассиве Энесай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жоголгон кыздын бөлөсү туугандары эмне себептен ал тууралуу 10 жылдан кийин гана эстеп, арыз жазылганынын себебин айтып берди

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. 11 жыл мурун дайынсыз жоголуп кеткен Жамиля Нияз кызы мынча убактан бери кайда, кимдер менен күн кечирип келгенин бир тууган бөлөсү Абдыбакыт Курбанов Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына айтып берди.

Эске салсак, 11 жыл мурун дайын-дареги билинбей кеткен жаранды милиция кызматкерлери Бишкектен тапкан. Кыздын туугандары милицияга 10 жылдан кийин гана арыз жазган

© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаПропавшая в 2007 году Жамиля Нияз кызы
Пропавшая в 2007 году Жамиля Нияз кызы - Sputnik Кыргызстан
Пропавшая в 2007 году Жамиля Нияз кызы

Курбановдун айтымында, ал Жамиля экөө таенесинин колунда өскөн.

"Менин апам менен Жамилянын апасы бир тууган. Экөөбүз таенемдин колунда чогуу чоңойгонбуз. Жамилянын өзүнүн апасы 2002-жылы каза болуп калган. Ал эми 85 жаштагы атасы Ошто, анын колуна барган эмес", — деди Курбанов.

Ал билдиргендей кийин таенеси Жамилияны башка кызынын колуна өткөрүп берген.

Колунда илгич кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ата-эне баласын эмнеге көгала койдой сабайт? Кордолгон наристе көрсөң кыя өтпө
"Таежебиз үйүн банкка күрөөгө коюп, насыя алып Москвада коммерция кылып жүргөн. Анын балдарын карап Жамиля Бишкекте болчу. Бир күнү таежем ага акча жөнөтсө коротуп койгон экен. Мындан улам коркуп үйдөн чыгып кетиптир. Канча сумма кетиргенин так билбейм. Мен анда Түркияда окуп жүргөн элем. Таежем чалып, абалын түшүндүргөндө элден карызга акча алып 7 миң доллар жибергеним эсимде", — деди ал.

Кийин Жамилиянын таежеси Москвадан келип, аны издеш үчүн милицияга арыз жазууга камынат. Бирок туугандары токтотуп койгон.

"Таежебиз милицияга кайрылайын дегенде иниси менен туугандары куру намыска алдырып "башка адамдар билсе эмне болот, милицияга берилсе жайылып кетет. Өзүбүз эле издейли" деп токтотуп коюшуптур. Ошентип таежем балдарын алып Москвага кайра кетип калган", — деди Курбанов.

Анын айтымында, кыздын туугандары ар кимден "Жамиля биякта-тиякта жүрүптүр" деген кептерди угуп, бирок "уялып жатса керек, бир күнү өзү келер" деген ойдо болушкан. Туугандары көзү ачыктарга барганда алар дагы "бир күнү өзү келет, абалы жакшы" деп жоошутуп койгон.

Өчпөгөн үмүт, кургабаган көз жаш. Бүгүнкү күнгө чейин табылбай жаткан балдар - Sputnik Кыргызстан
Өчпөгөн үмүт, кургабаган көз жаш. Бүгүнкү күнгө чейин табылбай жаткан балдар
"Мен чет өлкөдөн келгенден кийин ойлонуп жүрүп акыры 2017-жылы милицияга арыз жаздым. Жамиля изделип жатканы тууралуу кабарды социалдык тармактан окуп калып милицияга өзү келиптир. Ошентип табылып калды. Сулуулук салондордун биринде иштеп жүрүптүр", — деди Жамилянын бөлөсү.

Ал ошондой эле жоголгон кыз туугандары жөнүндө жаман ойдо жүргөнү маалым болгонун билдирди.

"Биз аны расмий издебегендиктен "менин эч кимге керегим жок турбайбы" деп бир чети таарынып, бир чети акчаны талап кылышат деп коркуп жүргөн экен. Мен катташалы, жардам керек болсо сөзсүз беребиз дедим. Бирок менден башка туугандар менен байланышка чыга элек "бир аз убакыт бергиле" деп койду. Оштон атасынын колундагы иниси дагы келди. Ал эжесин алып кетейин деген, бирок Жамиля көнбөдү. Жаз келсе "өзүм барам" дегендей кылды", — деди Курбанов.

Ал ошондой эле бөлөсү учурда батирде өз алдынча жашап жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0