Жээнбеков: текшерүүлөр элди кыйнаган бизнеске айланып баратат

Жазылуу
Өлкө башчысы укук коргоо жана башка органдардын мамлекеттик органдардагы коррупцияны алдын алуу боюнча көзөмөлдөө ишинин жетишсиздигин айтты

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алуу учрунда - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: УКМКнын өкүлдөрү иштеген кызматына дал келиши керек
Жолугушууда 2018-жылдын 8-февралында өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында прокуратура органдарынын алдына коюлган коррупцияга каршы чаралар жана тапшырмалар талкууланды.

Президент Башкы прокурорго прокуратура органдары жана укук коргоо же өлкөнүн башка мамлекеттик органдары тарабынан жүргүзүлгөн негизсиз текшерүүлөр фактыларын жокко чыгаруу боюнча чара көрүү милдетин тапшырды.

"Тынымсыз текшерүүлөрдөн улам мамлекеттик органдардын жана ишкерликтин толук кандуу иштешине жол бербей, өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө жолтоо кылып жатабыз. Бул жөнөкөй жарандарды кыйноого жана алардын көйгөйүнө негизделген бизнеске айланып жатат", — деди Жээнбеков.

Жээнбеков: укук коргоо органдарындагы коррупция криминалдын баш көтөрттү - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: укук коргоо органдарындагы коррупция криминалды баш көтөрттү
Муну менен бирге укук коргоо жана башка органдардын мамлекеттик органдардагы коррупцияны алдын алуу боюнча көзөмөлдөө ишинин жетишсиздиги белгиленди.

Президент бул багытта бардык кылмыш иштерин инвентаризациядан өткөрүү жана тиешелүү кызмат адамдарынын иш-аракеттерине юридикалык баа берүү тапшырмасын берди.

Эске салсак, президент апта башында УКМК жетекчиси Абдил Сегизбаевди кабыл алып Коррупцияга каршы кызматтын ишмердигинин форматын мекемеге жүктөлгөн милдеттерди толук аткарып жатканын жана ар бир кызматкер иштеген кызматына ылайык келерин кайрадан карап чыгуу милдетин койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0