Тумандан улам "Манас" аэропортундагы каттамдар үзгүлтүккө учурады

© AFP / Koen van Weel / ANP Аэропорттогу учак. Архив
Аэропорттогу учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир катар учактар кошумча аэродромго конуп, жергиликтүү эки каттам токтотулган

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Тумандан улам "Манас" эл аралык аэропортундагы бир катар каттамдар токтотулду. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматы билдирди.

Коюу туман эртең мененки саат 5:00дөн тарта түшкөн.

"Бир нече учак кошумча аэродромго конду. Москвадан учуп келген "Урал аба жолдорунун" учагы "Ош" аэропортуна конду. Дубай (Fly Dubai) менен Стамбулдан (Pegasus) келген учактар Алматыга конду. Жергиликтүү эки рейс токтотулду", — деп айтылат маалыматта.

Андан башка дагы бир нече каттамдар токтотулган.

Каттамдар тууралуу маалыматты "Манас" аэропортунун сурап-билүүчү 0 (312) 693109 номеринен тактоого болот.

Жума аягына чейин аба ырайы кандай болот?

Жаңылыктар түрмөгү
0