"Манас" аэропорту ишин жандантты

© Sputnik / Табылды КадырбековМанас аэропортундагы учак. Архив
Манас аэропортундагы учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коюу туманга байланыштуу эртең менен бир нече рейс токтотулган болчу

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Эл аралык "Манас" аэропорту ишин жандантты. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматынан кабарлашты.

16-февраль күнү эртең менен коюу тумандын айынан эки рейс токтотулуп, дагы бир нечеси кармалып, айрымдары башка убакытка жылдырылган. 

Рейстер тууралуу маалыматты аэропорттун сурап-билүүчү 0 (312) 693109 номеринен тактоого болот.

Жума аягына чейин аба ырайы кандай болот?

Жаңылыктар түрмөгү
0