Газ плитасы. Архивдик сүрөт

Эмки жумада Бишкек жана Жалал-Абаддын айрым жерлеринде газ өчөт

78
(жаңыланган 16:54 17.02.2018)
Мындай абал оңдоо жана калыбына келтирүү иштеринен улам жаралууда

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. 19-21-февралда Жалал-Абад, 20-22-февралда Бишкек шаарынын айрым аймактарында газ берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ААКтын маалымат кызматы билдирди.

19-февраль күнү Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүндө, 21-февралда Вагутин көчөсүндө газ өчөт. Ал эми Бишкек шаарынын Киев, Тыныстанов, Абдрахманов жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишкен аймагынын тургундары 20-22-февраль күндөрү газсыз отурушат.

Мындай абал оңдоо жана калыбына келтирүү иштеринен улам жаралууда.

78
Белгилер:
'Газпром Кыргызстан' ЖЧКсы, газ
Тема боюнча
Февралда газдын баасы 8 тыйынга арзандады
Кочкор-Атанын Момбеков айылындагы 240 турак үйгө газ кирди
Россияда өтүп жаткан Мамлекеттик Дума шайлоосуна видеокөзөмөл аркылуу байкоо системасынын демонстрациясы

Мамдума шайлоосуна 7,5 миң адам видеокөзөмөл аркылуу байкоо салууда

9
(жаңыланган 18:33 18.09.2021)
Быйыл шайлоо 17-19-сентябрга белгиленген. Мамлекеттик Дума менен бирге аймактык жана муниципалдык да шайлоо өтүп жатат.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Россияда өтүп жаткан Мамлекеттик Дума шайлоосуна видеокөзөмөл аркылуу байкоо салып жаткан парламенттик партиялардын биринен да эч кандай доомат түшкөн жок. Бул тууралуу РФ Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Николай Булаев билдирди.

"Ушу тапта видеокөзөмөл порталында 7,5 миң адам отурганын жазып жатышат. Алар бир эле убакта 30 миң шайлоо участкасына көз салууда. Эч биринен эч кандай доомат жок. Парламенттик партиялар биз камсыздап берген техникалык жабдууга нааразылык жок экенин айтышты", — деди Булаев.

Ал коомдук көзөмөл борборлорунда жумушчу орун жетиштүү экенин белгилеп, каалоочуларды чакыра кетти.

Шайлоо быйыл 17-19-сентябрга белгиленген. Мамлекеттик Дума менен биргеликте регионалдык жана муниципалдык шайлоо да кошо өтүп жатат.

9
Белгилер:
шайлоо, Россия, Мамлекеттик Дума, көзөмөл, БШК
Тема боюнча
Владимир Путин Мамдуманын шайлоосуна онлайн добуш берди
Москвада онлайн шайлоого катышкан 10 жаран акциядан батир утуп алды
Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков. Архив

Нарындын мэри шайлоодогу коррупциялык иштерге шектелип кармалды

32
УКМК маалымдаган Б.С. инициалдарына Самарбек Болотбековдун аты-жөнү туура келүүдө. Ал мурда Свердлов районунун акими болуп, кийин Нарын шаарына жетекчи катары жиберилген.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. 2020-жылкы парламенттик шайлоонун жүрүшүндөгү алдамчылык фактысы менен Нарын шаарынын мэри кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлады.

Буга чейин аталган шайлоодо Жогорку Кеңештин депутаты мандатын убадалап 300 миң доллар алган деген шек менен "Кыргызстан" партиясынын мүчөсү, экс-депутат Ч.Р. кармалган. Укук коргоо органдары жабырлануучу ири өлчөмдө чыгым тартканын айткан.

"Ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында далилдүү материалдар чогултулуп, Бишкек шаарынын Свердлов районунун мурдагы акими, азыр Нарын шаарынын мэри Б. С. жогорудагы ишке аралашкан деген шек менен кармалды", — деп айтылат билдирүүдө.

Бул иш боюнча Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгүнө ("Алдамчылык, өзгөчө ири өлчөмдө жасалган жосун") ылайык өндүрүш ачылган.

Б.С. инициалдарына Самарбек Болотбековдун аты-жөнү туура келүүдө. Ал мурда аталган райондо аким болуп, кийин Нарын шаарына жетекчи катары жиберилген.

32
Белгилер:
Нарын шаары, мэр, коррупция, шайлоо, УКМК
Тема боюнча
УКМК: чек ара кызматкери досунун өлүмүнө шектелип кармалды
Поезд. Архив

Бишкекте жүк ташыган поездге урунуп 21 жаштагы жигит каза тапты

9
(жаңыланган 18:55 18.09.2021)
Жигит поезддин берген сигналына маани бербегени айтылды. Машинист поездди токтоткону менен жаран ага урунуп көз жумган.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Бүгүн Бишкекте жүк ташуучу поездге урунуп жаш жигит каза болгонун "Кыргыз темир жолу" ишканасы билдирди.

Маалыматта кырсык саат 10.12лер чамасында Жаш гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде болгону айтылды.

"Алдын ала маалымат боюнча, темир жол менен бараткан Р. уулу Э. сигналга маани бербей койгон. Машинист поездди ыкчам токтоткон, бирок жаран поездге урунуп каза болгон", — деп жазылат билдирүүдө.

Маркумдун 21 жашта экени белгилүү болду.

9
Белгилер:
поезд, темир жол, машинист, Бишкек
Тема боюнча
Бишкек: жарыш учурунда Nissan GT-R унаасы тосмого кадалып, талкаланды. Видео