Маршрутка айдап баратып планшеттен ролик көргөн бишкектик айдоочу. Видео

© Sputnik / Кирилл КаллиниковМаршруттук такси. Архив
Маршруттук такси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя 16-февраль күнү кечки саат жети чамасында №204 маршрутканын салонунда болгон

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Эл ташыган маршрутканын айдоочусу рулда бара жатып планшеттен видео көргөн учурду жүргүнчүлөрдүн бири телефонго тартып алган. Кийин ал видеону Sputnik Кыргызстан редакциясынын WhatsApp каналына жиберди.

Жүргүнчүнүн айтымында, окуя 16-февраль күнү кечки саат жети чамасында №204 маршруттун салонунда болгон.

"Айдоочу унааны айдап баратып 10-15 мүнөттөй видео көрдү. Алгач Youtubе каналынан клиптерди көрүп бара жаткан, кийин тойдун үзүндүсүнө коюп алды. Мен телефонумдун камерасын иштетээрден мурун анын жол эрежелерин бузуп жатканын, кырсыкка кабылышы мүмкүн экенин айттым. Бирок айдоочу "өзүм билем, билгениңди кылып ал" деп жооп берди", — деди ал.

Маршрутка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Планшеттен видео көрүп бараткан маршрутка айдоочусу окуянын чоо-жайын айтты
Кадрда көрүнүп тургандай, айдоочу жүргүнчүнүн камерага тартып жатканын көргөндө деле планшетти өчүргөн эмес. Жүргүнчүнүн айтымында, ал унаадан түшүп кеткенде дагы гаджет иштеп жаткан.

Ал эми Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы учурда видеодогу айдоочу изделип жатканын, анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү чаралар көрүлөрүн билдирди.

Эске салсак, аптанын башында борбор калаада эки жашар кызын көтөрүп бара жаткан келинди бус сүзүп кетип, аял ошол жерден көз жумган. Ал эми дарыгерлер аман калган наристенин бир бутун кесүүгө аргасыз болушкан.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0