Мамкаттоодо бир нече кызматкер сөгүш алып, жумуштан айдалды

Жазылуу
Материалдар укуктук баа берүү үчүн Башкы прокуратурага жиберилди

БИШКЕК, 16 фев — Sputnik. Кызматтык иликтөөлөрдүн жыйынтыгында Мамлекеттик каттоо кызматынын жер-жерлердеги бөлүмдөрүнөн эки аткаминер жумуштан алынып, дагы бир канчасы дисциплинардык жазага тартылды. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат катчылыгынан билдиришти.

Логотип социальной сети Facebook - Sputnik Кыргызстан
Чиновниктерге коюлган "дизлайк". Соцтармак кыргыз бийлигине кантип жол көрсөтөт
Ээлеген жумуш ордунан Талас жана Өзгөн райондорундагы паспорт берүү жана калкты каттоо бөлүмдөрүнүн башчылары Жеңишбай Мамытов менен Гүлмира Камчибекова бошотулду. 

Ал эми Жайыл райондук паспорт берүү жана калкты каттоо бөлүмүнүн башчысы Динара Жамакеева кызматынан төмөндөтүлдү. Ысык-Көл жана Кара-Кулжа райондорунда ушул эле бөлүмдүн башчылары Жүрсүн Сартова менен Нуржан Маражапова сөгүш алышты.

"Мындан тышкары, дисциплинардык жазага Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин, "Кыргыз почтасы" жана "Инфоком" ишканаларынын кызматкерлери тартылды", — деп айтылат билдирүүдө. 

Материалдар укуктук баа берүү үчүн Башкы прокуратурага жиберилди. 

Эске салсак, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Дастан Догоев 14-февраль күнү өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арызын жазган. Жетекчи мындай чечимин жеке шарттарына байланыштуу деп түшүндүргөн. 

Жаңылыктар түрмөгү
0