Мамлекеттик MegaCom ишканасын жетекчиси Азат Базаркулов

Бишкектик топ-менеджер: бүлөмдү багуу үчүн нике шакегимди күрөөгө койчумун

927
(жаңыланган 10:06 19.02.2018)
Шоколад алып сатуу үчүн бишкектик жаш жигит маршрутка менен Ош базарына баратат. Бүгүн дүкөнчөсүндө өзү соода кылат. Негизи бул жигит юрист болсом деп ак эткенден так этип жүрөт, бирок эч ким жумушка албай жатат… 20 жылдан кийин ал Кыргызстандын эң ири ишканаларынын бирин жетектей турганын азырынча билбейт.

Азыр Азат Базаркулов — өлкөнүн эң таасирдүү топ-менеджерлеринин бири. Ал мамлекеттик MegaCom ишканасын жетектейт. Качандыр бир кезде Базаркулов юрист катарында жумушка кирүү үчүн жарым жыл айлык албай мээнеттенген карапайым бишкектик жигит болчу.

— Бала чагыңыздан баян салып берсеңиз.

— Бишкекте төрөлдүм. Апам мамлекеттик кызматкер, атам инженер болчу. Ал убакта биздин балдардын баары согуш жөнүндөгү тасмаларды көрүп чоңоюшкан. Башкалардай эле мен дагы аскер кызматкери болууну каалар элем.

Адегенде Суворов окуу жайына тапшырдым, кийин Москванын алдындагы Голицын атындагы чек ара институтунда окудум. СССР тараганда үйгө кайтууга аргасыз болдум.

— Союз тараганда эмне өзгөрдү?

— Бир өлкөнүн жарандары катары уйкуга кетип, эртеси чет элдик болуп ойгондук. Өлкөдө жунгли мыйзамы орноп, ар ким колунан келишинче жан багып жатты. Айрыкча, менин ата-энем сыяктуу кишилер — интеллигенция өкүлдөрү азап тарткан.

Эч ким эч качан сага даяр оокат алып келип бербей турганын аңдадым ошондо. Баарына өзүм жетүүгө тийиш болчумун. Бишкекке кайтып, Улуттук университетти бүтүрдүм.

Генеральный директор ЗАО Альфа Телеком Азат Базаркулов в кабинете
© Фото / предоставлено отделом рекламы и информации MegaCom
"Альфа Телеком" ЖАКтын жетекчиси Базаркулов: жубайым экөөбүз менин нике шакегимди "куткаруучу" атап алганбыз. Ал күрөөгө далай коюлду!

— Ошончолук кыйын кезең беле?

— Ооба. Жубайым экөөбүз менин нике шакегимди "куткаруучу" атап алганбыз. Ал күрөөгө далай коюлду! Агезде шакек 300 сомго күрөөгө коюла турган, ал акчага кичинекей уулубузга сүт ашканасынан кошумча азык алчубуз. Кыйын кезең эле, бирок ал көйгөйлөр мени бир топ чыйралтты.

— Кантип акча тапчу элеңиз?

— 95-жыл, кайсы бир ишке орношуу мүмкүн эмес эле. Жарыя аркылуу жумуш таптым. Жарым жыл маяна албастан, майда-чүйдө тапшырмаларды аткарып жүрдүм. Буга кайыл элем, анткени, мага тажрыйба керек эле.

Бирок акча табуунун жолу табылган. Азык-түлүк дүкөнчөсүн ачтым. Ал кезде шоколад батончиктери жаңы чыгып, эл арасында аябай белгилүү болуп турган. Күндө кечинде маршруткага отуруп алып, "Ош" базарга барып азык-түлүк алчумун. Адеп өзүм сатар элем, кийин сатуучу алдым.

— Соода дароо жакшы жүрүшүп кеттиби?

— Жок, албетте. Бир окуя болгон. Жаңы жылдын алдында соода өзгөчө шар болот эмеспи, дүкөнгө келсем, текчелер таптакыр бош. Сатуучу кыз бир балдар келип үч жүз долларга болгон товарды сатып алып кетишти деп кубанып айтып берди.

Акчаны кармалап, карап чыгып, бир долларлык кагазга абдан кылдаттык менен эки нөл кол менен жазылганын байкадым. Абдан көркөм, дароо билинбейт. Анда 100 долларлык кагазды ким көрүптүр. Азыр күлөбүз, бирок анда биз болгон товардан куру жалак калганбыз.

Генеральный директор ЗАО Альфа Телеком Азат Базаркулов во время работы
© Фото / предоставлено отделом рекламы и информации MegaCom
Азат Базаркулов: Бишкекте түштүк аймактын тургундары жалкоо келет деген жаңылыш пикирди көп угасың. Андай эмес экенин өз көзүм менен көрдүм! Адамдар ал жакта таңдан кечке чейин жер иштетишет

— Өлкө боюнча күйүүчү май рыногун көзөмөлдөгөн "Кыргызгазмунайзат" ири ишканасында иштедиңиз.

— Ал жакта мен ишкана өзүн банкрот деп жарыялагандан кийин иштей баштагам. 2000-жылдардын башы болчу. Чындап эле ошол кезде "Кыргызгазмунайзат" өлкөдөгү бардык май куюучу жайлар жана мунай базалары таандык болгон эбегейсиз ишкана эле.

Эмнеге кыйрап калды? Биринчиден, СССРдеги 70 жыл бою баары мамлекеттик буюртма менен иштөөгө көнгөн. Туруп-туруп эле ишканалардын директорлору кескин түрдө бизнесменге айланып, ташуу, жеткирүү боюнча өздөрү сүйлөшүп, тобокелге барууга мажбур болушту. Ал убакта мындайды эч ким билчү эмес.

— Нагыз бишкектик жигит кантип өлкөнүн түштүгүнө барып иштеп калды?

— Кочкор-Атадагы "Кыргызнефтегаздын" юридикалык бөлүмүнүн начальниги болуп орношком. Кимдир-бирөөнө балким күтүүсүз жаңылык болор, Кыргызстанда мунай да, газ да өндүрүлөт, тек гана абдан аз көлөмдө.

Өлкөнүн түштүгүндө чоң тажрыйба топтой алдым, ал жакта элдин турмушуна күбө болдум. Бишкекте түштүк аймактын тургундары жалкоо келет деген жаңылыш пикирди көп угасың. Андай эмес экенин өз көзүм менен көрдүм! Адамдар ал жакта таңдан кечке чейин жер иштетишет.

Кызыгы, ал жакта "жок" дегенди чанда эшитесиң. Сага дайым "ооба" деп жооп беришет, бирок бул чындыгында "макул" дегенди туюндурбай да калышы ыктымал.

Генеральный директор ЗАО Альфа Телеком Азат Базаркулов во время работы
© Фото / предоставлено отделом рекламы и информации MegaCom
Базаркулов: атаандаштарыбыз коммерциялык тыңчылык үчүн каражат сарптап убара да болбойт. Эмне техникабыз бар экенинен ансыз да баары кабардар

— MegaCom компаниясындагы иш тажрыйбаңыз тууралуу айтып берсеңиз.

— 2010-жыл Кыргызстан үчүн жеңил болгон эмес. Өлкө дүрбөлөңгө түшүп, ишкана мамлекетке өткөн. Аны сактап калуубуз абзел болчу, тышкы башкаруу киргизилген, мен ошондо иштедим. Дал ошол мезгилде компанияны улутташтыруу маселеси коюлган. Мамлекетке 100 пайыз акцияны тең бир өткөрүүнү сунуштагам. Юрист катары буга бардык негиздер бар экендиги мага айкын эле. Анан калса, каалаган киши сотко берип, мамлекеттен кайра үлүшүн кайтарып алмак. Бирок ошондо болгону 49 пайызы гана улутташтырылды.

Биз туруштук бердик, бирок саясий жагдай бир калыпка салына элек болчу. Февралда өз арызым менен арыз жазуумду өтүнүштү. Ошентип башкы директордун орун басарлыгынан кеттим.

Бир жыл өткөндөн кийин мени чакырып: "Эсиңдеби, сен мамлекетке ишкананын 100 пайыз акциясын берүүнү сунуштагансың. Колуңдан келеби бул?" деп сурашты. Эки жылдан кийин сот MegaCom компаниясы толугу менен мамлекеттин менчигине өтсүн деген чечим чыгарды. Мен өз вазыйпамды аткардым.

— Ишкананын жеке колго сатуу чечими тууралуу кандай пикир карманасыз?

— Бул – туура чечим. Бизден сырткары рынокто дагы эки уюлдук оператор бар, ал эми шарттар баарыбызга бирдей болууга тийиш. Мамлекеттик ишкана катары жергиликтүү бийликке кайрылсак, алар бизге: "Кечиргиле, бизде антимонополдук саясат, инвестицияларды коргоо мыйзамы иштейт. Бизде баарына шарт бирдей!" дешет. Макул, бул түшүнүктүү.

Бирок кайра мамлекеттик кызматкерлер келип, бизден демөөрчүлүк күтүп: "Силерде акча көп эмеспи, жардам бергиле. Акыры мамлекеттик ишкана го" деп өтүнүшөт. Биз ары түйшөлүп, бери түйшөлүп, пландарды өзгөртүп, өндүрүштүн кызыкчылыгына каршы туруп, эптеп акча табууга аргасызбыз андай учурда. Атаандаштык күч болуп турганда бул абдан кооптуу.

Мындан тышкары, ар бир сатып алганыбыздан атаандаштар кабардар болот, себеби биз бардык маалыматты ачык жайгаштырууга милдеттүүбүз. Атаандаштарыбыз коммерциялык тыңчылык үчүн каражат сарптап убара да болбойт. Эмне техникабыз бар экенинен ансыз да баары кабардар.

Элестетиңиз: 1000 сомдук көйнөк бар, жүз сомдугу да бар. Ким болбосун, миң сомго алуу артык экендигин билет, анткени ал сапаттуу жана көбүрөөк кийилет. Биз эң арзанын, 100 сомдугун сатып алууга мажбурбуз. Антпесек, текшерүүчү органдар эмнеге кымбатка келишим түзгөнүбүздү териштире баштайт.

Генеральный директор ЗАО Альфа Телеком Азат Базаркулов с  президентом Международного олимпийского комитета Томасом Бахом
© Фото / предоставлено отделом рекламы и информации MegaCom
"Альфа Телеком" ЖАКтын башкы директору Азат Базаркулов Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах менен

— Бирок мамлекет акча алып келген ишканасыз калып жатпайбы?

— Компания акыркы айтылган баада сатылса, азыр төлөнүп жаткан дивиденддерди эсептей турган болсок, ал сумманы 13 жылга эрте алган болобуз! Анан калса үч жылдан кийин да MegaCom азыркыдай пайда алып келерине кепилдик жок, адамдар акырындап үн байланышынан баш тартып, мессенжерлерди колдонууга өтүп баратат.

— Абоненттер коммуналдык эсептерди төлөө жана сатып алууларын телефон аркылуу жүргүзүүгө мүмкүндүк берчү мобилдик капчыктарга Улуттук банк тыюу салды. Бул ыкманы элге жайылтууга көп каражат жумшадыңыздар эле го!

— Кеп тыюу салууда эмес. Улуттук банк мобилдик капчык аркылуу сатып алуу жана эсептерин төлөп, бир эсептен экинчисине которо албагыдай чектөө киргизүүнү пландады. Аларды да туура түшүнүүгө болот, себеби банк: "Кокус акчалары жоголуп кетсе не болот?" деп жарандардын кызыкчылыгын коргоодо. Кийин аларга: "Бийликтин өкүлүсүз го, бизди коргоого тийиш болчусуңар!" деп доомат кое башташат эмеспи.

Биз варианттарды сунуштоодобуз, үч деңгээлдеги коргоону киргизмекчибиз. Азыр бул маселелер талкууда. Кеп башкада, банктар да мобилдик операторлорду бул чөйрөдө көргүсү жок. "Ансыз да тапканыбыз – арзыбаган тыйын, эми силер да кийлигишип жатасыңар!" дешүүдө.

— Ишкерлер элдин тууган-туушканын жумушка орноштуруу далалаты көп экени айтып нааразы болушат…

— Мындай нерсе бар. MegaCom мамлекеттик болгону да бул жагынан жаман. Депутаты деле, аткаминери деле: "Мамлекеттик ишкана эмессиңби, келчи бери сен" дешет. Андай адат менен алыбыздан келишинче күрөшүп келебиз.

 

Генеральный директор ЗАО Альфа Телеком Азат Базаркулов в офисе
© Фото / предоставлено отделом рекламы и информации MegaCom
Базаркулов: депутаты деле, аткаминери деле: "Мамлекеттик ишкана эмессиңби, келчи бери сен" дешет. Андай адат менен алыбыздан келишинче күрөшүп келебиз.

— Өз кызматтык тепкичиңиздеги эмне менен көбүрөөк сыймыктанасыз?

— Максим Бакиевге байланышкан бир компания менен талаш маселебиз бар эле. Алар MegaCom компаниясынан 80 миллион доллар өндүрүүнү көздөшкөн. Бул каражат 2009-жылы эле которулуп, аларга жабдыктар сатып алынган. 2013-жылы сотко беришти.

Ошондон тарта кокус зарыл болуп калбасын деп акырындап акча топтой баштадык. Акча түшкөн соң, каражатты бюджетке өткөрүү маселесин көтөрүп чыктык. Ал балдар менен соттошо баштадык, ошентип 2017-жылы сот акчаны мамлекетке которуу чечимин чыгарды. Бул мен үчүн чоң жеңиш болгон.

Баса, февралдын башында аталган компанияны сатып алуу боюнча арыз түшкөн. Ишкер айым уюлдук операторду сатып алам деген экинчи кардар.

927
Белгилер:
юрист, ишкер, MegaCom, Азат Базаркулов
Тема боюнча
Шайдуллаева: айылдан келгенде шаардык кыздарды көрүп аябай таң калгам
Бүгүн Табылды Эгембердиев 67 жашка толмок. Ишкер тууралуу 12 факты
Сабакка даярданып жаткан мугалим. Архивдик сүрөт

Бишкектин мугалимдери 1-сентябрга даярдык көрүп жатышат

63
(жаңыланган 14:34 10.08.2020)
Педагогдор жана мектеп жетекчилери үчүн онлайн-сабактар Билим берүү жана илим министрлигинин адистери тарабынан өткөрүлөт.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. 5-августтан тарта 25-августка чейин Бишкектин бардык жалпы билим берүү мекемелеринде "Санарип мугалим" аталышындагы онлайн-вебинар өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

"Биз мугалимдер менен интернет аркылуу сабак берүүнүн ыкмасын, жетишкендиктерди баалоо, балдар менен иштөөнү уюштуруу жана окуучулар, мугалимдер арасындагы психологиялык кризистин алдын алуу максатында талкууларды жүргүзүп жатабыз", — деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

Бишкек мэриясы калаадагы мыкты мектептерди атады

Педагогдор үчүн онлайн-сабактар Билим берүү жана илим министрлигинин адистери тарабынан эки этапта өткөрүлөт.

Сабактар 5-августтан 16-августка чейин жетекчилер үчүн өтсө, экинчиси 17-августтан 25-августка чейин жалпы билим берүү мекемелеринин бардык педагогдору үчүн болот.

63
Белгилер:
онлайн, мугалим, педагог, билим берүү
Тема боюнча
Германиядагы мугалим Бүбүйна: Кыргызстандын алыскы мектебинде иштегим келип кетет
Бүгүндөн тарта мугалимдер аралыктан окутууга даярдык көрө баштайт
Аэропорттогу учак. Архивдик сүрөт

Эл аралык каттамдар жанданууда. Эми кыргызстандыктар сыртка чыга алабы?

168
(жаңыланган 13:48 10.08.2020)
Эске салсак, 11-март күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус боюнча пандемия жарыялап, көп өтпөй Кыргызстан чек арасын жаап, каттамдар токтогон.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Эл аралык аба каттамдары жандана баштаганына байланыштуу өкмөт кыргызстандыктардын чек арадан чыгуусуна уруксат берген буйрукту иштеп чыгууда. Бул тууралуу брифинг учурунда Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев айтты.

Ага модератор учурда кыргыз жарандары кандай негизде сыртка чыга алат деген суроо берген.

Кыргызстандан Россияга кетчү каттамдар. Күнү жана шарты

Акышевдин айтымында, ушул тапта Кыргызстандын жарандыгы бар адамдарга сыртка чыгууга уруксат берген документ жок.

"20-марттан тарта өкмөттүн чечими менен мамлекеттик чек ара жабылган. Демек, биздин жарандар сыртка чыга албайт. Эми каттамдар жандана баштаганына байланыштуу өкмөт ал чечимине өзгөрүүлөрдү киргизип жатат. Жакында даяр болот", — деди Акышев.

Эске салсак, 11-март күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус боюнча пандемия жарыялап, көп өтпөй Кыргызстан чек арасын жаап, каттамдар токтогон. Андан бери Кыргызстанга чертердик, жүк ташуучу жана гуманитардык рейстер гана каттап жатат.

Ал эми сыртка дипломаттар, мамлекеттик делегация жана чет элдик үй-бүлө мүчөсү бар айрым кишилер гана чыгарылып жаткан.

168
Белгилер:
укук, жаран, чек ара, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстан Түркия менен туруктуу аба каттамдарын жандантты
Дубай — Бишкек — Дубай каттамы жума сайын уча баштайт
Последствия ДТП между КамАЗ и Hyundai Sonata в Иссык-Кульской области между селами Тору-Айгыр и Чырпыкты

Ысык-Көлдө КамАЗ менен жеңил унаа кагышып, эки киши мерт болду. Сүрөттөр

0
(жаңыланган 14:52 10.08.2020)
Жол кыргысы кечээ саат 22:40тар чамасында болгон. Жеринде эки адам каза болду. Бири 1992-жылы туулган кыз.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда КамАЗ менен Hyundai Sonata автоунаасы сүзүштү. Бул тууралуу облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

  • Последствия ДТП между КамАЗ и Hyundai Sonata в Иссык-Кульской области между селами Тору-Айгыр и Чырпыкты
    Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда КамАЗ менен Hyundai Sonata автоунаасы сүзүштү.
    © Sputnik
  • Последствия ДТП между КамАЗ и Hyundai Sonata в Иссык-Кульской области между селами Тору-Айгыр и Чырпыкты
    Жол кыргысы кечээ саат 22:40тар чамасында болгон. Жеринде эки адам каза болду.
    © Sputnik
1 / 2
© Sputnik
Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда КамАЗ менен Hyundai Sonata автоунаасы сүзүштү.

Жол кыргысы кечээ саат 22:40тар чамасында болгон. Жеринде эки адам каза болду. Бири 1992-жылы туулган кыз экени айтылды. 

Последствия ДТП между КамАЗ и Hyundai Sonata в Иссык-Кульской области между селами Тору-Айгыр и Чырпыкты
© Sputnik
ДТП в Иссык-Кульской области

Дагы бир киши катуу жаракат алган. Ал эми жүк жашуучу унаанын айдоочусу жабыркаган эмес.

0
Белгилер:
өлүм, жол кырсык, Ысык-Көл
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Ош — Өзгөн жолундагы кырсыктан эки жигит көз жумду