Планшеттен видео көрүп бараткан маршрутка айдоочусу окуянын чоо-жайын айтты

Жазылуу
Жүргүнчү окуя 16-февраль күнү кечки саат 19.00дөр чамасында №204 маршруттун салонунда болгонун белгиледи

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Эл ташыган маршрутканы башкарып бара жатып планшеттен видео көргөн айдоочу Эсенбек Тиленчиев Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына окуя тууралуу айтып берди.

Айдоочунун эреже бузуп жаткан учурун видеого тартып алган жүргүнчү окуя 16-февраль күнү кечки саат 19.00дөр чамасында №204 маршруттун салонунда болгонун айткан.

"Акыркы токтоочу жайга жетейин деп калганбыз. Жанымда бараткан байкемдин кызы видео көрөм дегенинен коюп бердим эле. Негизи ал планшеттерди алдыда-артта келе жаткан кесиптештерибизди көрүп туруу үчүн колдонобуз. Мен шаардын ортосунда жүргөндө кино коюп алсам башкалар менин кайсы жерде жүргөнүмдү көрбөй калат да", — деди Тиленчиев.

Ошондой эле ал клип же кино эмес, куудулдардын тамашасын жети мүнөткө эле койгонун айтат.

Борбор калаанын Токтогул жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде маршрутка менен Subaru Forester унаасы кагышты. - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте маршрутка менен Subaru кагышып үч жүргүнчү жаракат алды. Күбөнүн видеосу
"Менин деле башым экөө эмес да. 12 жылдан бери маршрутка айдап иштейм, мындайда кырсык болуп кетиши толук ыктымал экенин да билем. Мени телефонуна тартып жаткан кызга видеону жаңы койгонумду айтсам ишенбей, кыйкырып эшикти катуу жаап жибергенде ачуум келип "өзүм билем, билгениңди кылып ал дегем", — деди айдоочу.

Окуяны түшүндүрүп бүткөн соң ал эми мындай нерселерди кайталабоого убада берди.

Эске салсак, аптанын башында борбор калаада эки жашар кызын көтөрүп бара жаткан келинди бус сүзүп кетип, аял ошол жерден көз жумган. Ал эми дарыгерлер аман калган наристенин бир бутун кесүүгө аргасыз болушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0