Калпакты импорттоого тыюу салган мыйзам долбоорун эл да талкуулай алат

Жазылуу
Мыйзам долбоор ишке ашса коңшу өлкөлөрдөн жасалган сапатсыз калпактарды алып келүүгө таюу салынат

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги чет мамлекеттен импорттолгон ак калпактарды өлкөгө киргизүүгө тыюу салуу жөнүндөгү мыйзам долбоорду талкуулоого жай тургундар да катыша ала турганын билдирди.

Аталган демилгени ЖК депутаттары Экмат Байпакбаев менен Бакирдин Субанбеков көтөрүп чыккан. Алар жеке ишканалар коңшу өлкөлөрдөн синтетикалык материалдан жасалган сапатсыз калпактарды алып келип жаткандыктан чет элдик коноктордун алдында кыргыздын ыйык делген баш кийиминин баркы түшүп жатканын билдиришкен.

"Бул мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Демек Кыргызстандын бардык жараны өз ой-пикирин билдирип жана сунуштарын өкмөт менен Жогорку Кеңештин сайтына калтыра алат", — деп айтылат маалыматта.

Баса, буга чейин ак калпак кантип жасалары тууралуу атайын инфографика жасаганбыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0