Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ага ылайык, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

"Бишкек шаарында күн ачык болуп —3…-5 градус суук болсо, Ошто 3…5 градус жылуу болот", — деп жазылат маалыматта.

Күндүн табы Чүй өрөөнүндө —2…-7 градуска чейин төмөндөсө, Таласта —2 градус сууктан, 3 градуска чейин жылыйт. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 1…6, Ысык-Көлдө 0…5 градус жылуу болушу ыктымал. Нарын аймагында болсо сууктун күчү сакталып, абанын температурасы —5…-10 градуска чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0