Планшеттен видео көрүп бараткан маршрутка айдоочусу иштен алынды

© Фото / УПМ ГУВД БишкекаРейд по соблюдению Правил дорожного движения и норм пассажироперевозок маршрутными такси
Рейд по соблюдению Правил дорожного движения и норм пассажироперевозок маршрутными такси - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдоочу буга чейин 200 сом айып төлөп, элден кечирим сураган

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Рулда бара жатып планшеттен видео көргөн маршрутканын айдоочусу жумуштан четтетилди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

"ЖМКларга айдоочу рулда бара жатып, планшеттен ролик көргөн видео жарыяланган. Мындан улам Шаардык транспорт башкармалыгы кызматтык иликтөө жүргүздү. Жыйынтыгында "Восточный экспресс" фирмасынын айдоочу Эсенбек Тиленчиев кызматтан кетирилди", — деп айтылат билдирүүдө.

Планшеттен видео көрүп бараткан маршрутканын айдоочусу 200 сомдук айып тартты - Sputnik Кыргызстан
Планшеттен видео көрүп бараткан маршрутканын айдоочусу 200 сомдук айып тартты
19-февраль күнү чыккан бул буйрук менен айдоочу ушул эле күнү таанышты.

Эске салсак, 16-февраль күнү кечки саат жетилер чамасында №204 маршрутканын айдоочусу жүргүнчүлөрдүн нааразы болгонуна карабай, рулда бара жатып бир нече мүнөт бою планшеттен видео көргөн.

Ал эми Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) маалымат кызматынан айдоочу кармалып, эркертүүдөн тышкары 200 сом айып төлөгөнүн билдиришкен. Айдоочу өзү видео аркылуу элден кечирим сураган.

Жаңылыктар түрмөгү
0