Шашылыш билдирүү: ашуудагы жолдорго кар көчкү түшөт

© Фото / пресс-служба МЧС КРКар көчкү. Архив
Кар көчкү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМ унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо керектигин маалымдайт

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. 19-февралдан 21-февралга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорундагы жолдорго кар көчкү түшүү коркунучу жогору экенин ӨКМ эскертти.

Кар тазалап жаткан Тазалык кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күн качан жылыйт? Бир жумага аба ырайынын божомолу
Ага ылайык, Бишкек — Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел ашуулары менен Чычкан капчыгайында, Ала-Бука — Каныш-Кыя жолунун 68-99 чакырымдарында, Красная Горка — Ак-Таш жолунун 1-4- чакырымдарында, Казарман — Актал-Чат жолундагы Кара-Көө ашуусунда кар көчкү түшүү ыктымалдуулугу жогору.

Андан сырткары Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу автоунаа жолунун 45-90чу, 145-150-чакырымдарында дагы кар көчкү түшүшү мүмкүн.

ӨКМ жолдор тоңуп, тайгак болорун, андыктан унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо керектигин маалымдайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0