Соцтармак кызыктары: Олимпиадага катышкан орус кызынын сулуулугу суктантып...

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүОлимпиада 2018. Керлинг. Микст. Матч за третье место
Олимпиада 2018. Керлинг. Микст. Матч за третье место - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Австралиянын Мельбурн шаарындагы соода борбордун дубалында калпак кийген кыргыз аксакалдын сүрөтү пайда болду. Россиялык кёрлинг спортчусу Анастасия Брызгалова Кышкы олимпиададан медаль утканы бул жакта эле калды. Себеби анын сулуу чырайы элди эстен тандырууда.

Кыргызстандын интернет айдыңында апта башында бутун чечпей үйгө кирген атка минерлер элдин сынына кабылса, руль башкарып баратып планшеттен видео көргөн маршрутка айдоочусу кокуйлатты.

Публикация от Heesco (@heesco) Окт 20, 2017 в 10:28 PDT

1. Австралиядагы калпакчан аксакал. Мельбурн шаарынын Докленс районундагы соода борбордун дубалында ак калпак кийген аксакалдын сүрөтү тартылып турат. Бул эмгектин автору Монголияда туулуп, бирок Австралияны 20 жылдан бери жердеген Хоснаран Хурелбаатар аттуу адам. Ал "Сүрөт Доклендсидеги соода-көңүл ачуучу жайга келгендерди кызыктырууда. Аны эки күндө тартып бүттүм, ал эми сүрөттү туристтик сайттардын биринен таптым" деп Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде билдирген.

2. Керлинг ойногон сулуу. Россиялык Анастасия Брызгалова спорттун керлинг түрү боюнча Кышкы олимпиадада коло байгеге жетишти. Аны соцтармак колдонуучулары Анжелина Жолиге жана Меган Фокско окшоштуруп, атургай сулуулугуна суктанып сүйүүсүн арнагандар да четтен чыгууда. Айрымдар керек болсо керлингдин фанатына айланышты. Чет элдик күйөрмандардын арзуусуна айланып, атагы арткан Анастасия Брызгалова 26 жашта. Өткөн жылдын июнь айында өзүнүн кесиптеши Александр Крушельницкийге турмушка чыккан. Күйөөсү да олимпиададан коло медалга ээ болду.

3. Бут кийимин чечпеген аткаминерлер. Премьер-министр Сапар Исаков Кадамжай районундагы Алга айылында төрт баланы жалгыз тарбиялап жаткан Тазагүл Мамытованын үй-бүлөсүнөн кабар алды. Сүрөттө премьерди коштоп барган өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Абиш Халмурзаев менен аким Жаныбек Исаков үйдө бутун чечпей турганы даана байкалат. Ал эми Мамытова балдары менен байпакчан мештин жанында турганын көрүүгө болот. Мындай көрүнүштү интернет колдонуучулары үй ээсин сыйлабасттык деп баалашып, катуу сынга алышты. Ал эми Халмурзаев үйдүн кире беришинде гана турушканын айтып актанган жайы бар

4. Планшеттен видео көргөн айдоочу. Кечки саат жетилер чамасында рулда бара жатып планшеттен видео көргөн маршрутканын айдоочусу элдин кыжырын кайнатты. Кийинчерээк ал айдоочу жумуштан алынганы белгилүү болду.

5. Камыр менен ойногон балдар. Балдарыңыз бир саамга тынч отуруп калса бир нерсенин үстүнөн чыккан болот. Андыктан уулдарыңыз шок болсо, өзүңүз сак болуңуз!

6. Сөөк чаккан апа. Бул аялдын күчүнө таң калбай коё албайсың. Мындай сөөктү бир уруп эки бөлүп салуу ар кимдин эле колунан келе бербесе керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0