Гиннеске кирүү аракети: бир тонна бешбармакка канча жылкынын эти кетет

Жазылуу
Ак калпак күнү 2011-жылдан бери жыл сайын 5-мартта белгиленип келет

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. 5-март — ак калпак жана улуттук кийимдер күнүнө карата Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу бир тонна бешбармак жана 100 метрлик чучук жасалат. Бул тууралуу иш-чараны уюштуруучулардын бири Элнура Кулуева Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, кыргыздын улуттук тамак-ашын Гиннес рекорддор китебине киргизүү аракеттери көрүлүүдө.

"Буга чейин өзбек, казак туугандар палоо менен казак бешбармагын Гиннестин рекорддор китебине киргизиптир. Биз да улуттук тамак-ашты даңазалоо максатында аракет кылып жатабыз. Технологдор менен кеңешсек бир тонна беш бармакты жасоого беш жылкынын эти кетет экен", — деди Кулуева.

Кыргызское национальное блюдо — быжы - Sputnik Кыргызстан
Гүлазык, олобо, керчөө. Эзелтен келе жаткан кыргыздын эт тамактары
Ал ошондой эле учурда бешбармакты жасай турган жер аныкталып жатканын айтып, 5-мартта борбордук "Ала-Тоо" аянтында улуттук кийимдердин этно-фестивалы уюштуруларын кошумчалады.

Эскерте кетсек, 2011-жылдан бери жыл сайын 5-мартта ак калпак күнү белгиленип келет. 2016-жылы Жогорку Кеңеш бул күндү ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деп белгилөө жөнүндө токтом кабыл алган.

Калпак кантип жасаларын билесизби? Бир көз жүгүртүп коюңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0