Сариев, Турганбаев баштаган балбандарды таптаган Чекиров. Таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.

Алиман Жангорозова менен Сүймөнкул Чокморов. Залкарлардын таберик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Алиман Жангорозова менен Сүймөнкул Чокморов. Залкарлардын таберик сүрөтү
СССРдин эркин күрөш боюнча спорттун чебери Сарыгул Чекиров вьетнамдык жаш балбандар менен

Кыргыздардан биринчи спорттун чебери болгон Сарыгул Чекировдун сүрөтү 1979-жылы Фрунзе шаарында тартылган.

Ошол жылы ал өлкөнүн эркин күрөш боюнча курама командасын кийинки жылы Москвада өтө турган XXII олимпиадага даярдаган.

Ошол учурду ардагер спортчу мындайча эскерет.

"Ал жылы борбор калаада спартакиада өтүп, мелдешке чет элдик спортчулар келген. Биз Олимпиадага катуу даярданып жаткан учур болчу. Мени курчап отургандар Вьетнамдан келген жаш балбандар эле", — деди Чекиров.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу өзүнүн эмгек жолунда 100дөн ашык спорттун чебери, чемпиондорду тарбиялаган. Алардын арасында мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев жана мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0