Бишкекте киши өзү жандырып өтө турган 24 жол чырак пайда болот

© Sputnik / Болот Бочкарев / Медиабанкка өтүүСильные морозы в Якутии
Сильные морозы в Якутии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул билим берүү мекемелеринин жанына коопсуздукту камсыздоо үчүн орнотулуп жатат

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Борбор калаада мектептердин жанына киши өзү жандырып өтө турган 24 жол чырак пайда болот. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

2017-жылы муниципалитет кызматкерлери милиция менен биргеликте жол кырсыгын жаратуучу жана кооптуу деген шаардагы жөө адамдар өтө турган аймактарды белгилеп чыгышкан. Анын жыйынтыгында, 24 жерге жол чырактарын орнотуу чечими кабыл алынды.

— № 33 мектеп, Тоголок Молдо көч., 73;
— № 67 мектеп, Бөкөнбаев көч., 16-31;
— № 85 мектеп ("Бакай-Ата" конушу), Бакай — Ата көч., 95а;
— № 25 мектеп, Гагарин көч., 25;
— № 31 мектеп, Павлов көч., 14;
— № 55 мектеп, Гагарин көч., 11;
— № 77 мектеп ("Ак-Өргөө" конушу), Ашар көч., 4;
— № 82 мектеп ("Ала-Тоо" конушу), Карсаков көч., 10;
— № 14 мектеп, Карасаев көч., 73;
— № 17 мектеп, 4-кичирайон, 31/1;
— № 20 мектеп, 7-кичирайон, 5а;
— № 26 мектеп, Койбагаров көч., 35;
— № 37 мектеп, Матросов көч., 52;
— № 60, Ахунбаев көч., 62а;
— № 62 мектеп, Суеркулов көч., 8;
— № 73 мектеп, Анкара көч, 17;
— № 91 мектеп ("Кара-Жыгач" конушу), Оберон көч., 10;
— № 69 мектеп, Фатьянов көч., 10;
— № 70 мектеп, Бөкөнбаев, көч., 123;
— № 78 мектеп ("Көлмо" конушу) Кеңеш көч., 45/1;
— № 81 мектеп, ("Ак-Босого" конушу), Профессор Зима көч., 20;
— № 86 мектеп, ("Калыс-Ордо" конушу);
— № 39, Сухэ Батор көч., 5а;
— № 80 мектеп, Тыналиев көч., 3/1.

Мэрия жол сызыктарын чийүү, жол белгилерин орнотуу, ыламдыкты азайтуучу дөңсөөлөрдү орнотуу боюнча сын пикир жана сунуштар болсо kysanov@meria.kg электрондук дарегине кат жазууну өтүнөт.

Бишкек шаарындагы 19 көчөнүн кесилишине жаңы үлгүдөгү светофорлор коюлду.

Жаңылыктар түрмөгү
0