Ахмед Маманов: электрондук күндөлүк менен ата-эне баланын окуусун көзөмөлдөй алат

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги жеке менчик мектептердин биринде англис тилинен мугалим болуп иштеген Ахмед Маманов
Бишкектеги жеке менчик мектептердин биринде англис тилинен мугалим болуп иштеген Ахмед Маманов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандагы айрым жеке менчик мектептерде билим берүү электрондук системага өткөн. Башкача айтканда, окуучуга баа электрондук журналга коюлуп, окуучулар да электрондук күндөлүк колдонушат.

Электрондук журнал, күндөлүк кандай болот? Анын артыкчылыктарын Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкектеги жеке менчик мектептердин биринде англис тилинен мугалим болуп иштеген Ахмед Маманов айтып берди.

— Сиздердин мектеп электрондук системага качан өттү эле?

— Алгач бул программаны жарым жыл байкап көрдүк. Баарыбызга жаккандыктан былтыртан баштап толугу менен мектеп ушу программага өттү. Бир гана мугалим үчүн эмес, окуучу, атургай ата-энеге да абдан керектүү нерсе экен.

Edupage деп аталган мектепти башкаруу системасы
 - Sputnik Кыргызстан
Edupage деп аталган мектепти башкаруу системасы

— Эмнеси менен ыңгайлуу экен? Артыкчылыктарын айтып берсеңиз

— Мында жүгүртмөдөн (расписание — ред.) тарта журнал, күндөлүккө чейин электрондук түрдө болот. Электрондук журнал менен жүгүртмө мугалимдердин телефон, ноутбуктарына гана жүктөлсө, күндөлүк окуучу, ата-эненин да телефонуна тиркеме сыяктуу көчүрүлөт. Анан мугалим сабактын башында бир-эки мүнөт отуруп ноутбуктан электрондук журнал менен күндөлүктөн балдардын бар-жогун белгилейт. Сабакка катышуусун текшергенде окуучу сабакта жок болсо "келген жок" деген белги ата-эненин да телефонуна барат. Баа коюлган соң ата-эне аны да телефону аркылуу эле ошол замат көрө алат. Ошентип балдарынын сабакка катышып-катышпаганын, кандай баа алганын ата-эне жумушта же үйдө отуруп эле биле алат. Эгер баласы эң жакшы же начар баа алып калса, эмне үчүн мындай бааларды алып жатканын мугалимден сурай алат. Үй тапшырма да автоматтык түрдө ата-энесинин телефонуна түшөт. Окуучу кокус үй тапшырмасын түшүнбөй калса аны эже-агайынан ошол программа аркылуу сураса болот.

— Бул WhatsApp, Telegram сыяктуу тиркемеби же атайын программабы?

— Мектептер үчүн атайын түзүлгөн программа. Бирок интернет менен иштейт. Жөнөкөйлөштүрүп айтканда почта сыяктуу.

© Sputnik / Табылды КадырбековАхмед Маманов: электрондук күндөлүк аркылуу ата-эне баласынын кандай окуп жатканын, баасын жана сабакка катышуусун текшере алат
Преподаватель английского языка в частной школе Ахмед Маманов - Sputnik Кыргызстан
Ахмед Маманов: электрондук күндөлүк аркылуу ата-эне баласынын кандай окуп жатканын, баасын жана сабакка катышуусун текшере алат

— Азыр бул программа жеке менчик мектептерде эле бар турбайбы. Мамлекеттин карамагындагы мектептер өтө алабы?

— Өтсө болот, бирок ал программаны сатып алыш керек. Алгач жүгүртмөнү акчага алат, калган күндөлүк, журналдар бекер берилет.

Даяр жүгүртмө мектептеги сабактардын баарын даяр системага салып берет
 - Sputnik Кыргызстан
Даяр жүгүртмө мектептеги сабактардын баарын даяр системага салып берет

— Кайсы жактан канча сомго алса болот?

— Мисалы, Кыргызстандагы жеке мектептер, анын ичинде биз Словакиянын программасын сатып алганбыз. Жүгүртмөнү 100 долларга алганбыз, калгандары бекер берилди. Башка программалар мындан да кымбат болот. Алсак, АКШныкы азыр биздин чөнтөктөргө туура келбейт.

Первый звонок в школах Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Сентябрдан тарта Кыргызстандагы мектептер беш күндүк окууга өтөт
Негизи эле мугалимдер үчүн көйгөй жараткан жумуш — бул жүгүртмө түзүү, кагаз менен иштөө. Ал эми бул программа кагаз ишин азайтат, тез иштөөгө жардам берет. Мындай программаны дүйнө жүзүндө 100 миңден ашык мектеп колдонот. Чоң, окуучулар көп мектептер үчүн абдан керектүү нерсе. Кабинеттик система болсо эки класстын сааты бир учурда бир кабинетке дал келип калбашы керек. Ал эми бул даяр расписание ушул нерсенин баарын системага салып берет. Башкача айтканда, канча сабак, канча мугалим болсо программа негиздөөчүлөргө жөнөтсөң, алар тез эле даяр жүгүртмө түзүп берет.

— Бул программаны эмне үчүн сиз жайылтып жатасыз?

— Программаны өзүм колдонуп көргөндөн кийин мугалимдердин иши кыйла жеңилдеп калганын сездим. Анын үстүнө өкмөт да "Таза коом" программасынын алкагында бардык мекеме менен жайларды электрондоштуруп жатат. Анын ичине мектептер, мугалимдер да кириши керек. Окуучулар жаңы, заманбап технологияны мектептен пайдаланганды билсе келечегине да жакшы болот.

© Sputnik / Табылды КадырбековАхмед Маманов: Программаны өзүм колдонуп көргөндөн кийин мугалимдердин иши кыйла жеңилдеп калганын сездим
Преподаватель английского языка в частной школе Ахмед Маманов - Sputnik Кыргызстан
Ахмед Маманов: Программаны өзүм колдонуп көргөндөн кийин мугалимдердин иши кыйла жеңилдеп калганын сездим

— Мисалы кымбат же интернет кармаган телефонуң болбосо бул программаны колдоно албай каласыңбы? Азыр депутаттар балдарды жөнөкөй телефонго өткөрүү керек деп жатпайбы?

— Мейли, окуучуларды өткөрбөсө да мектеп, мугалимдер өтүшү керек. Анан ата-энеге да пайдалуу нерсе болуп жатпайбы. Азыр балдар ансыз деле телефондо оюн ойноп отурат. Ага караганда бул керектүү нерсе деп эсептейм.

Учурда окуучу балдарга сөзсүз идентификациялык номер алуу керек деген талап коюлуп жатат. Себебин билип алыңыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0