Бишкек: түнкү клубда жылаңачтанып алып музыка койгон диджей кыз 5 суткага камалды

© AFP / CREDITNICOLAS ASFOURI Түнкү клубда бийлеп жаткан кыз. Архив
Түнкү клубда бийлеп жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түнкү клубда белинен өйдө чечинип алып музыка койгон кыздын видеосу интернетке тараган

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Биринчи Май райондук соту жылаңачтанып музыка койгон түнкү клубдун диджейин беш суткага камоо чечимин чыгарды. Бул туурасында Бишкек ШИИБдин маалымат кызматынын жетекчиси Адыл Оморов билдирди.

Анын айтымында, борбор калаадагы көңүл ачуучу жайлардын биринде диджей кыз белинен өйдө жылаңачтанып чечинип алган видео социалдык тармактарга тараган.

"Биринчи Май райондук милициянын кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзүп, чогулган материалдарды сотко жиберген. Натыйжада сот аны административдик жоопкерчиликтин негизинде беш суткага камоо чечимин чыгарды. Ал эми түнкү клубдун администраторуна 1 500 сом айып салынып, сегиз сааттык коомдук жумушка тартылды", — деди Оморов.

Буга чейин Казакстанда да ушул сыяктуу түнкү клубда кыздар арасында кийим чечүү конкурсун өткөргөн Instagram жылдызы Айжан Байзакова үч суткага камалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0