Өзү төрөп баласын катып койгон келин окуянын чоо-жайын айтып берди

Жазылуу
Келиндин 12, 9 жана 6 жаштагы үч баласы бар экени белгилүү болду

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Энеси баштыкка салып дивандын алдына катып койгон ымыркай өлүү төрөлгөнү тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Эске салсак, Чүй облусундагы фермалардын биринде малчы келин өз алдынча үйүндө төрөп, баланы катып койгон. Кийин ага Кылмыш жаза кодексинин 100-беренеси (төрөгөн баласын өлтүрүү) менен кылмыш ишин козголгон.

Маалыматка караганда, Чүй облустук төрөт үйүнө жаткан аялга Акыйкатчынын облус боюнча өкүлү барып кезигип, окуянын чоо-жайын өз оозунан укту.

"Келиндин айтымында, анын 12, 9 жана 6 жаштагы балдары бар экен. Күйөөсү менен ажырашып кетиптир. Улуу баласы атасы менен Казакстанда турарын айтты. Ортончусу Кант шаарындагы туугандарынын колунда, алты жаштагысы өзү менен жашайт экен. Негизи ал март айында төрөмөк экен. Бирок капысынан эле толгоосу башталып кетип, түн ичинде үйүндө жалгыз төрөптүр. Өлүү туулган ымыркайды алты жашар баласы көрүп калбасын деп катып койгонун билдирди", — деди акыйкатчынын өкүлү.

Ошондой эле ал ферманын ээси ага бөлмө бөлүп берип, айлык төлөп турганын кошумчалады. Анткен менен айына бир гана күнгө эс алууга чыккандыктан, гинекологго каттоого турууга шарты болгон эмес.

32 жаштагы келин өзүнүн күнөөсү жок экенин далилдөө үчүн акыйкатчыдан жардам берүүсүн өтүндү.

Жаңылыктар түрмөгү
0