Каракол шаары 9 миллион сомго жашылдандырылат

Жазылуу
22-февралда жарыяланган тендердин мөөнөтү 15-мартта аяктайт

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарын жакшыртуу жана жашылдандыруу үчүн Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, калаадагы парктарды, скверлерди жана көчөлөрдү жакшыртып, жашылдандыруу үчүн департамент 9 миллион 201 миң 480 сом сарптоого даяр.

Тендер 22-февралда жарыяланып, мөөнөтү 15-мартта аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0