Чүйдүн имамдары бирдиктүү формага өтө баштады

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүТеспе кармаган имам. Архив
Теспе кармаган имам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бирдиктүү формага ээ болуу тапшырмасы 2018-жылдын башында берилген болчу

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Чүй облусундагы имамдар бирдиктүү форма менен камсыздала баштады. Учурда Ысык-Ата районунун имамдары алгачкылардан болуп формага ээ болушту. Бул тууралуу муфтият билдирди.

Чүй облустук мусулмандар казыятынын кызматкери Алманбет ажы Сүйөркуловдун айтымында, бүгүнкү күндө 47 имам казыяттын расмий логотиби басылган формаларга ээ болушкан.

"Бирдиктүү форманы ар бир имам өз каражатына тиктирди. Бирок бул учурдун талабы жана Чүй облусунун мусулмандар казысынын тапшырмасы менен ишке ашырылууда. Эми дин кызматкерлери жыйындарга, жолугушууларга жана расмий иш-чараларга бирдиктүү форма кийип барышат", — деди Сүйөркулов.

Эскерте кетсек, бирдиктүү формага ээ болуу тапшырмасы 2018-жылдын башында берилген болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0