Шыпырылбаган жерге отуруп каласың! Конок кыжырды кайнатканда

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук кийим кийген апалар. Архив
Улуттук кийим кийген апалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Конок койдон жоош болушу керек. Антпесе үй ээси билгизбесе да кыжыры келээри турган иш.

Конок кайсы учурда жинге тийип, жанды кашайтат? Sputnik Кыргызстан агенттиги сураштырып көрдү.

Международный фестиваль Тил жана маданият - Sputnik Кыргызстан
Аягынан бүктөбөйт, тебелебейт. Жууркан-төшөккө карата 8 "болбойт"
Чакырылбаган конок. Эч кимди күткөн жоксуң, үйүң чачык, жасачу жумуштар толтура, конокко коерго деле кыйраткан эч нерсе жок. Анан "убара кылбай эле коелу" дегенбиз деп келип калган коноктор кыжырды кайнатпаса да адамды оңтойсуз абалда калтырат. Мындай учурда эмне кыларыңды билбей каласың.

Кечигип келгендер. Дасторконду жайнатып конокторду кечки саат 18:00гө чакырсаң, чубалып жатып аягы дасторкондо эч нерсе калбай калганда келет. Конок ээси ыңгайсыз абалда каны кайнайт. Убагында келип убагында кет да!

Бирөөнү учкаштыра келгендер. Атайын чакырган коногуңа ылайыктап дасторкон жаясың. Анан эле үйүңө балдарын же дагы төрт-беш таанышын бытыратып ээрчитип жетип келишет. Же үйүң кенен болсочу. Уялбагандан өзүң уял болуп эле отуруп каласың.

Кой оозунан чөп албагандар. Конокко, айрыкча кудага кой оозунан чөп албаган, кыймылдап да койбогон "немелер" барбай эле койсо. Же ичпейт, сүйлөбөйт, ырдабайт, жада калса кыбырап бийлеп да койбойт. Таң бересиң…

Касапчы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз ырымдары: кайсы досуң сага кас экенин билгиң келсе, баарын бешбармакка чакыр
"Кетем" дей бергендер. Келе элек жатып "кетем" деп жанды кашайткандар бар. Анда эмнеге келдиң, үй ээсин да, конокторду да бушайман кылып?! Ошол эле иштечүдөй болуп "эртең жумуш" деп менменсигендер да жага бербейт.

Сын таккандар. Жөн келип жөн кетип калса да жакшы эмеспи. Келип алып жасаган дасторконуңан үйүңө чейин бир сыйра карап, текшерип чыгышат. Ал жетпей калгансып эртеси "эки салат, бир эле тамак берип койду" деген сынчылар аман эле болгула!

Чектен ашып кеткендер. Конокко келгенде баары орду менен болгон жакшы. Анткени ал жерде жалгыз эмессиң. Мас болуп, анысы аз келгенсип урушуп, бирөө менен мушташа кеткендер да бар эмеспи.

Күйөө бала кайсы учурда кыжырга тиет билесиңерби? Кызыгып жатсаңар материалдан окугула.

Жаңылыктар түрмөгү
0