ЖРТ сертификатынын мөөнөтүн бир нече жылга жарамдуу кылуу каралууда

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЭкзамен тапшырып жаткан окуучу. Архив
Экзамен тапшырып жаткан окуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпы республикалык тестирлөө 2002-жылдан тарта ишке кирип, жыл сайын бир жолу өтөт

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Жалпы республикалык тестирлөөнүн сертификаттары айрым учурда абитуриенттердин жогорку билим алуусуна жолтоо болуп жатканын, андыктан анын жарамдуу мөөнөтүн узартуу керектигин билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева министрликтин 2017-жыл боюнча жыйынтыктоочу коллегиясынын отурумунда билдирди.

Белгилей кетсек, Жалпы республикалык тестирлөө 2002-жылдан тарта ишке кирип, жыл сайын бир жолу өтөт. Анын жыйынтыгында абитуриенттер алган упайларына ылайык, кесиптерди тандашат. ЖРТнын жыйынтыгы боюнча берилген сертификаттын жарамдуу мөөнөтү бир жыл.

Случаи насилия в семье - Sputnik Кыргызстан
Кудайбердиева: мугалимдердин оройлугу окуучулардын өз жанын кыюусуна себеп болууда
"Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен жогорку окуу жайларга өтүү мүмкүнчүлүгү каралган. Бул жакшы инструмент болгону менен анын процедураларын жакшыртуу замандын талабы болууда. Бир жагынан ал сапаттын гаранты болуп калышы керек, экинчи жагынан жогорку билим алууда тоскоолдук болбошу кажет. Мисалы, мектептин бүтүрүүчүсү окуу аяктары менен эле ЖОЖго тапшырбай бир нече жылдан кийин тапшырайын десе андай мүмкүнчүлүгү жок. Андыктан тестирлөөнүн жаңы регламентин иштеп чыгуу зарыл. Келечекте тестирлөөнү жылына бир жолу эмес, бир канча жолу өткөрүү каралууда. Ошондой эле сертификаттын жарамдуулугу бир жыл эмес, чет элдик тил сынактарына берилүүчү сертификаттардай бир нече жылга жарамдуу болушу мүмкүн", — деди министр.

Кудайбердиева эмгек рыногунда бүтүрүүчүлөрдүн атаандаштыгын камсыз кылуу үчүн алардын үчтөн экиси ЖРТдан 120дан 160 упайга чейин алышы керектигин айтты. Учурда абитуриенттердин көбү 90-120 упайдын ортосунда алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0