"Иштамберди" кенин жергиликтүү тургундар тоноп жатабы? Милициянын жообу

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПредприятие "Фулл голд майнинг" на месторождении Иштамберды
Предприятие Фулл голд майнинг на месторождении Иштамберды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир катар ЖМКлар бир жумадан бери кенди жергиликтүү тургундар тоноп жатканын жазып чыгышты

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Ала-Бука районундагы Өрүктү айылындагы "Иштамберди" алтын кенинде башаламандык жок экенин Жалал-Абад ОИИББден маалымдашты.

Бир катар ЖМКлар бир жумадан бери "Фулд-Голд майнинг" компаниясы иштетип жаткан "Иштамберди" алтын кенин жергиликтүүлөр тоноп жатканын жазышкан. Башаламандык 19-февралда башталып, кендин аймагына 70-80 киши унаалары менен кирип келгени айтылган.

"Бул маалымат чындыкка коошпойт. 20-февралга караган түнү "Фулд-Голд майнинг" ишканасы иштетип жаткан алтын кендин аймагына Кызыл-Токой айылынын 50-60ка жакын тургуну кирип келип, кенди чыгарып кетүүгө аракет жасашкан. 21-февралда компаниянын генералдык директору укук коргоо органдарына кайрылып, белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранган", — деп милициядан билдиришти.

Учурда аталган аймакта абал тынч. Ыкчам иликтөө иш-чараларынын негизинде Кызыл-Токой айылынын бир нече тургундары кармалган. Алардын унаалары айып короого токтотулду.

Укук коргоо органдарынан маалымдашкандай кендин аймагы Ала-Бука райондук ИИББдин көзөмөлүндө турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0